Айбат » А.Салянова: «Кыргызалтындын» экс-жетекчиси 11 млн доллар башка жакка которулган документке өлөөрдөн бир күн мурун кол койгон

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » А.Салянова: «Кыргызалтындын» экс-жетекчиси 11 млн доллар башка жакка которулган документке өлөөрдөн бир күн мурун кол койгон

Кыргыз Алтын

«Кыргызалтындын» экс-жетекчиси Камчибек Кудайбергенов, 11 млн доллар башка жакка которулган документке өлөөрдөн бир күн мурун кол койгон. Бул тууралуу кечээ, 30-октябрда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Аида Салянова билдирди.

Анын пикиринде, бул маселе боюнча дагы кылмыш ишин прокуратура органдары иликтөөгө алат.

Маалыматка таянсак, Кумтөр долбоор боюнча мамлекеттик комиссиянын жумушчу тобунун социалдык-экономикалык экспертиза боюнча акыркы отчетуна ылайык, «Кыргызалтынга» төлөнгөн 15 млн доллар суммасынан 11 млн доллар 2002-жылы Кумтөр кенинде болгон аварияны камсыздандыруу төлөмдөрүнөн баш тартууга акча компенсациясын, ал эми 4 млн доллар кайрадан түзүмдөштүрүүнүн биринчи варианты боюнча КРга чегерилген авансылык төлөмдөрдү түзөт.

Айбат гезити №51




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru