Айбат » «Через забор» жумушка барууну мыйзамдаштыргысы келгенТашиев

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » «Через забор» жумушка барууну мыйзамдаштыргысы келгенТашиев

Ташиев заборЖогорку Соттун өкүмүнөн кийин, саясаттан алыстай түшкөн Чыңгызхандын «шакирти» Камчыбек Ташиев акыркы күндөрү кайрадан жанданып, өзүнө караштуу басылмалар аркылуу курулай төш каккылаган популизмин баштады.

Эл алдына көп чыкпай калганынан «баягы Ташиев деген саясатчы өзүнүн кылган кылык-жоруктарына уялып калган окшойт, кеч да болсо акыл кирген го» дешип коомчулук бир аз эс алгансып калды эле. Көрсөөзү тогуз ай абакта жатканда анын Жалал-Абад облусун каптап кеткен «Томас» аттуу бензин куюучу жайларынын ишин иниси башаламан иштетип, бир топ суммага аркага «иштеп» койгон экен, ошонун аркасы менен чуркап жүрүп, эми гана колу бошоптур. Андыктан кайрадан адатынча түштүк жергесин түрө кыдырып, элдин алдында учурдагы бийликти «ой-да» шыбап жүргөндөгү кербези.

Өзүнүн амбициясынан башка эч нерсеси жок экендигин анчалык аңдабайт окшойт. Ак үйдүн тосмосун дагы алаңдап ашып баратып, «бийлик ушул жерде» деп ойлогонбу, айтор шишти креслодой көрүп «отуруп» алганына эч кандай уялбай тургандыгын барган жерлеринде миң кайталап айтып жүрөт. «Мен Ак үйдүн тосмосун ашып түшкөнүмө эч качан өкүнбөйм. Мени ошол үчүн камашты, анан мандатымды алышты. Бирок, биз болбосок бүгүн «Кумтөр» маселеси көтөрүлбөйт эле» дейт Ташиев.

Мынаэмесе логика! Демек, Ташиев Ак үйдүншишинебекеринен «илинбептир» да? КыязыТашиевошол эле ЖапаровдосуэкөөБакиевдинубагында «Кумтөр» маселесинекөздөрүнчылкжуумпотурганда эле ЭркингүлИманкожоевакөлкылаасындабулмаселеникөтөрүпжүргөнүнбилбейтокшойтго? Албетте, билет. Бирок, калпанткорлонгонжагынанТашиевалдынаадамсалбайтургандыгынкөрсөтүпкелатпайбы?

Кече жакында эле кыргыз тилдүү гезиттердин бирине маек куруп президентти «майда-чүйдөлөргө чейин киришет, мектеп, жол ачылса деле барып лентасын кесет» деп сынга алган экен. Мунусун айла кеткендеги, айтарга сөз таппай калгандагы сыны катары гана түшүнө алдык. Мамлекеттин башчысы болгондон кийин мамлекетте болуп жаткан ар бир иш ал үчүн маанилүү болушу керек.

Анандагы «Конституция иштебейкалды» деп «каңырыгы» түтөйт. Конституция иштегендигиүчүналмандатынанажыраганын, анданбөлөкдагыкоррупциягамалынганчиновниктерчекесиненжоопкерчиликкетартылыпжатканынбилбейжатса, айтыпкоелу. АлэмиӨмүрбекСуваналиевойлоптапкан узурпация тууралуубашкасыайтса да Ташиевоозачпай эле койсоболмок. «Бардыгыбир эле чекиттикараптурушат, алчекитАтамбаевдиноозу» дейтКамчыбекмырза. КыязыБакиевдикрежимдиэңсепжүргөнТашиевдагы деле өздөрүбирубактаБакиевдердиноозункараптургандарынэстепкеткенокшойт. Бирок, ал убактаБакиевдеркөпболчу. Бирининоозункараса, экинчисининоозу кала берипатканкүндөрүнсагынганбы? Ошолмезгилдеги «узурпацияны» көрбөй, бүгүнкүкүндөпарламенттегибеш фракция башкарыпжатканбийликти узурпация депатаганына ким ишенет?

Айтор, Ташиев мырза баягы эле чала саясатчы, чолок акылдыгынан өзгөрбөгөндүгүн көрсөттү. Досунун алабарман, ал-акыбалына ченеп «бышкырбай» тургандыгын жакшы түшүнгөн Акматбек Келдибеков Ташиевди акырындык менен биротоло саясаттан сүрүп чыгуунун аракетин көрүп жүргөнүн дагы деле түшүнбөйт окшойт.

«Биз Жапаров, Келдибеков үчөөбүз «Ата-Журтту» көтөрөбүз» деп мактангысы келет. Реалдуу чындыкка келсек, азыркы тапта Ташиевдин айланасында айланчыктап жүргөн бир кездеги депутаттардын бардыгы азыр Келдибековду тегеректеп калышкан. «Үч мушкетердун» ордуна дагы Акматбек Келдибеков өзүнүн сөзүн эки кылбай турган адамдарды алып келип, депутаттык мандатка ээ кылды. Ырасын айтканда, Келдибеков Ташиевден оолак «ойноп» калганына өтө көп болду. Президенттикшайлоонуналдынанбери карай эле, Ташиевдикарапжылмайганыменен ары карапүтүрөйүпкелет. Ак үйдүнтосмосунуншишинеаласынайрыткандан бери КелдибековТашиевгедегиэлежакынжологусужок. Болгонуэскидостугуүчүнганаоозучунанкубаттапкоймою бар. Ошонусуна эле эреркепкеткенКамчыбекмырзаАкматбекмырзагатереңишенипалып, кайра эле көпөтпөйкөңүлүкайтболупкалат.

Эми Ташиевдин Мадумаров тууралуу айтканына көңүл буруп көрөлүчү: «Бизди Адахан Мадумаров сатып кетти, чоң кызмат болсо бир жөн. Болбогон кызмат үчүн жалпы оппозицияны сатты”-деп келип, “Эгер мага кызмат сунушталса, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө макул болмокмун» дейт.

Бир сөзү экинчи сөзүнө каршы келип атканын өзү деле баамдаган эмес окшойт. Мадумаров кызматка кетсе, сатылып кеткен болот экен дагы, өзү кызмат сунушталса «эл үчүн» иштейт турбайбы? Эмне, Мадумаров эл үчүн иштесе болбойбу? Эгерде Ташиевдин өзүнүн деңгээлине жараша Мадумаров акеси айтмакчы район деңгээлиндеги, тактап айтсак, айыл өкмөтүнүн башына баруусунушу түшсө барар белеңиз деп сурасак эмне дээр экен? Амбиция аттын башындай болгону менен деңгээл ошондой болуп жатпайбы?

Президентти сындаганы менен өзү президент болуп калса, кандай аракет кыларын, кайсыл иштен баштарын деле билбейт. Бир билгени «Чыңгызханча» «тажрыйбасы» менен Ак үйдө иштегендердин бардыгын Ак үйдүн тосмосу аркылуу жумушка келгиле деп кыйнашы мүмкүн. Андан башка эмне кыла алат?

Айбат гезити №51




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru