Айбат » Эшектен акыл сураган “Шрек” – 3

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Эшектен акыл сураган “Шрек” – 3

Шрек-3“Эмне эле “Шрекке” жабышып калдыңар, андан бөлөк жазганга темаңар жокпу?” деп таң калып жатасыңарбы? Таң калбай кичине чыдай тургула. Макалабыздын бул үчүнчү сериясында кызыктардын четин чыгарабыз.

Мурдагы “Учур”, азыркы “Азия-Ньюс” (“Учур” гезити кайрадан чыга баштады. Бул тууралуу кийинкиде кеп болсун) гезитинде депутат, министр, губернатор, саясатчы аттууларды бир жактуу жамандаган жаңылыктар “Саясат.kg” рубрикасынын астында жарык көрүп келет. Ал эми жаңылыктардын булагы катары «Шрек», тоюс, Элмурза Сатыбалдиевдин аты аталып жүрөт. Мындай кабарды биз тараткан жокпуз. Асланбек Сартбаев өзү достору менен пиво кагышып отурганда: “Өткөндө Элмурза акем менен жүз граммдашып жатканда Паланча саясатчы тууралуу кызык окуяны айтып берди. Билип турам, мени жазсын деп жатканын. Мына эмесе деп шилтеп салдым. Элмурза акем ичинен ыраазы болуп жатат. Ал мен аркылуу саясый атаандаштарынан өч алат” дегендей ооз көптүрө айтканы жалганбы? Асланбектин кебине муюсак, анда “Азия-Ньюстагы” шыбамай материалдардын буюрткучу Э.Сатыбалдиев болуп калат да, туурабы?

“Азия-Ньюстун” 1-бетинде дайыма модельерша, ырчы-чоорчу, ойсондогон перилер чыгып турат. Бул Асланбектин “жеке бизнесине” айлангандай. Себеп дегенде ошол кыздарды кайырмагына түшүрүп, Элмурза Раакыевичке окшогон саясатчы акелерине ортомчулук милдетти аткарып, башына “жоолук” салмайды Сартбаев аткарары чынбы? Ал турсун кайсы саясатчыга кайсы сулууну “тартуулаганын” көрүнгөн жерде жарыялап жүрөт дешет. Асланбектин торуна түшкөн модельершалардын бири Э.Сатыбалдиевди өлгүчө жактырып калып, ошонун айынан экс-Башкы прокурор бир кездеги махабаты болгон ырчы айым менен “ажырашып” тынып жүрбөсүн?

Элмурза мырза Курманбек Бакиевдин доорунда майлуу-сүттүү кызматтардан түшкөн жок. Ажонун инилери менен шилекей алышкан дос болуп, баштан ашкан байлык жыйнагансыды. Анын акыбетин эми көрүп жатыры, журналисттерди майрам сайын майрамдатып, азыноолак акча таратып, өзүн мактатып жатыр. Ага ичкүйдүлүгүбүз жок. Бирок, бир фактыны айта кетпесек болбос. Элмурза Сатыбалдиев Башкы прокурор кезинде иничеги Асланбекти Жаныш Бакиев менен достоштуруп, “Ак жол” партиясына тиешелүү “Ак жол” гезитинин атынан “Жылдын мыкты журналисти” наамын алып бергенин Адамкалый Чыныбеков аттуу жаран Kyrgyztoday.kg сайтына жазган макаласында билдирген. Макала кандай болсо эч өзгөртүүсүз ошондой сунуш кылалы: “Бакиев заманы күчөп турган 2009-жылы “Учур” гезитинин редактору Аслан Сартбаев деген кошоматчы канкор Жаныш Бакиевди өз гезитине кайра-кайра мактап жазып арзымат журналист атанган эле. “Жылдын мыкты адамы”, “жылдын мыкты генералы” деп байма-бай жарыялап, жасалма рейтингдерди уюштуруп Жаныш Бакиевдин астына жата калчу. Ал кошоматына жооп кылып канкор Жаныш Бакиев Аслан Сартбаевди 2009-жылы “Ак жол” партиясына караштуу “Ак жол” гезитинен “Жылдын мыкты редактору” деген наам да алып берген. Бул сыйлыкка “энеси уул төрөгөндөй сүйүнгөн” Аслан Сартбаев канкор Жаныш Бакиевди айга-күнгө теңеп дагы мактай баштаганын, ошол жылдардагы “Учур” гезитин барактасаңыз тез эле байкайсыз. Анан эле 2010-жылы 7-апрелде революция болуп кетип, Арслан Сартбаев өзүнүн кожоюну Жаныш Бакиевди жамандап жазып, Алмаз Атамбаевдин колтугуна кирип СДПК аркалуу депутат болгонго жанталашты. Анын эки жүздүүлүгүн билген Атамбаев Аслан Сартбаевди шылдыңдап СДПКнын эң арткы, өтпөй турган куйругуна илип койгон. Буга ызаланган Аслан Сартбаев ошондон тарта Алмаз Атамбаевди жамандап кекчилдигин көрсөтүп келет. Ошондуктан президент былтыр журналисттер менен резиденциясында жолукканда ачык эле айпадыбы: “Бир кезде Жаныш Бакиевди айга-күнгө теңеп мактап жүргөн Аслан Сартбаев сыяктуу журналисттин азыр бирөөнү сындаганга моралдык укугу барбы?” деп. Акыркы күндөрдө Аслан Сартбаев Минскиде качып жүргөн Жаныш Бакиевден акча алса керек кайра активдеше баштады. Эми ушуга окшогон ары жок, кошоматчы журналисттерди тартипке чакырып койгон киши жокпу деп да ойлонот экенсин. Башкасы калгансып эми ушул канкор Жаныш Бакиевдин кошоматчысы Аслан Сартбаевге эмне жок?”. Асланбек буга жооп кайтара алган жок, анткени бул чын. Ушул көрүнүш “Шректеги” башкы каармандар Шрек менен эшектин жоругун эске салган жокпу? Себеп дегенде, эшек эки талдын ортосуна же тешикке кыпчылып калганда, Шрек эки бутун талтайтып туруп сууруп алат эмеспи. Анын сыңарындай, Сатыбалдиев дагы кезинде Асланбек менен Ж.Бакиевди достоштуруп, Асланбекти тешиктен сууругундай жардамдашып жатпайбы?

“Шректеги” сериялардын мындан кызык жерлери бар. Кичине чыдай тургула, аларды кийинчерээк баян этебиз…

Айбат гезити №51




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru