Айбат » Токтогул Туманов, Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясы: “Система менен аң сезим өзгөрүлмөйүн сот реформасы ишке ашпайт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Токтогул Туманов, Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясы: “Система менен аң сезим өзгөрүлмөйүн сот реформасы ишке ашпайт”

Токтогул Туманов-Токтогул мырза, жакында эле Өмүрбек Бабанов сотторго ишеним болбой калгандыктан Англиянын сотторуна акча төлөп иштетиш керек деп чыкты. Негизинен ушул ыкма кандай болушу мүмкүн?

-Соту болобу башкасы болобу, мамлекеттик органдарда коррупция болуп атат. Албетте, мындай коррупциялык иштер бүгүн эле башталып күчөп кеткен жок. Кыргызстан эркиндикке жеткенден тартып күчөп келе жаткан көрүнүш. 20 жылдан бери системанын бузулгандыгы… Коррупция боюнча мамлекет тарабынан чечкиндүү, алгылыктуу иштердин жүрбөй калышы ушул күнгө алып келди. Ошондуктан азыркы тапта сот реформасын кылышыбыз зарыл. Кылууга аракеттер болуп жатканы менен да, бул жетишсиз болуп жатканын моюнга алышыбыз керек.

Бүгүнкү күндө азыркы иштеп жаткан соттордун бардыгын жумуштап айдап, алардын ордуна башка мамлекеттин сотторун алып келип, же сот тармагында иштебеген жаңы адамдарды алып келген күндө да соттордун таза иштеп кетишине эч ким кепилдик бере албайт.

-Эмне себептен?

-Биринчиден айлык маяна жагы. Экинчиден айрым сотторду тазалашыбыз керек. Коррупцияга көнүп калгандар кайрадан эле сотторду  коррупцияга үйрөтүп коюшу мүмкүн. Ошондуктан 100 пайыз кепилдик бере албайбыз. Бирок, бардык иштерге кол куушуруп отура бербестен туура эмес багытта кетип бара жаткан система менен жапа тырмак күрөшүбүз керек. Мыйзамдарды, тартипти күчөтүшүбүз зарыл. Бир гана сот системасы эмес башка системаларды дагы реформалоого жетишибиз абзел.

-Учурда укук коргоо кызматкерлери кылмышкерлерди кармап келип, кылмышын далилдеп берген күндө да сотко келгенде эле сот ишин жаап салгандыгы туурасында кептер айтылып, сотторго болгон ишеним такыр эле болбой калганын коомчулук туура эмес көз карашта карап жүрөт.  Сот реформасын канткенде ишке ашыра алабыз?

-Туура. Бул чоң маселе. Анткени, канча жылдан бери тамырлашып кеткен коррупциялашкан системабызды толугу менен реформалашыбыз кыйынга турууда. Элдердин дагы психологиясы ушуга көнүп калган. Баардык ишти коррупциялык жол менен оңой олтоң чечип салууга маш болуп калдык. Бул биз үчүн трагедия. Мамлекеттик органдарда таза иштегендер батпайт. Аларды арасына кошпойт, аны четтетип турушат. Анткени, чынчылдык менен иштеп, ал реформаларды жасайм, паракорчулукка каршы күрөшүп баштаганда эле башкаларга жакпай калат. Себеби, жең ичинен түшүп жаткан көмүскө каражаттарынан кур жалак калтырып жатпайбы? Кептин баардыгы ушунда жатат. Негизинен коррупцияга аралашкан адам өзү четтелип турушу керек. Тилекке каршы азыркы күндө болбой жатпайбы? Бул системаны оңдобосок болбойт. Айтканга оңой иш жүзүнө ашыруу абдан кыйын. Андыктан ушул система менен жап тырмак күрөшмөйүн бир кишинин колунан келе турган иш эмес. Бүгүнкү күндө Президент менен Жогорку Кеңешти алмаштырган күндө да ишке ашпайт. Бир Жогорку Кеңеш, Президент келе берет, кайрадан кийинкиси келе берет, а бирок  жыйынтык болбойт. Ошол себептен система менен аң сезимди өзгөрпөсөк ишке аша турчу маселе эмес.

-Сот реформасы дегенибиз менен Сот тандоо кеңешин киргизип, сотторду тандап жакшылаарын иргеп алуу мүмкүнчүлүгүн берди. Ушул кандай иштеп атат?

-Буларды түзүп койгонубуз менен деле эч кандай эффект берген жок. Алар дагы коррупцияга аралашып калышты. Ошол себептен, Сот тандоо кеңештин ишин токтотуп мыйзамды өзгөртүүлүөргө барууга белсенип турабыз.  Жаңыдан токула турган мыйзам долбоорун коррупцияны 100 пайыз болбосо дагы бүгүнкү күндөн көбүрөөк деңгээлде паракорчулукка бөгөт коё турган мыйзам долбоору болушун камсыздоого аракеттерди жасап атабыз.

-Башкача өңүттө суроо берсем. Азыркы тапта айрым өздөрүн оппозиционермин деп жаткандар Президент бийликти узурпациялап алды деген кинени коюп жатат. Конкреттүү фактылар менен айтып бере аласызбы?

-Маселен, АКШда экиге эле бөлүнөт: демократтар жана республикалыктар. Беш жыл республикалыктар башкарса демократтар оппозиция же демократтар 5 жыл башкарса республикалыктар оппозиция болуп турушат. Ошол жыл аралыгында конструктивдүү сын-пикирлери менен чыгып, ал сын-пикирлерин далилдеп айтышат. Оппозициянын аргументтери күчтүү болсо, эл ага ишенип, беш жылдан кийин ал оппозицияны шайлашат. Бизде ошондой оппозиция жок болуп атат. Программасы менен өзүнүн структурасы менен биригип, бийликтин программасынын кемчиликтерин айтып, өздөрүнүн программасын көрсөткөнгө жетише албай жатпайбы? Мына азыр Жогорку Кеңештин 3 жылы өтүп кетти, 2 жылы эле калды. Кийинки шайлоого даярдыгы жок. Андан сырткары кечээ оппозицияда жүрүп ага бийликти берип койсо унчукпай калып жатат. Ошол себептен азыркы оппозициябыз деп жаткандарды накта оппозиция деп айта албайм.

-Акыркы тапта ЖМК тараптан сизди сындаган бир топ маалыматтар жарык көрдү. Мындай сындарды кандай кабыл алып жатасыз?

– Жогорку Кеңешке депутат болгонго чейин бизнесте жүргөн адаммын. Андан соң комитетте менин каршылаштарыма жакпай калган көз караштарыман улам ушундай сын пикирлер жаралып жатса керек. Өчөшкөндөр, ичи күйгөн көрө албастар мени каралоого алып, ар кандай ушак-айың кептер менен ЖМКларга маалыматтарды таратып жатат. Алардын маалыматтарында эч кандай негиз жок. Арийне, Алиби жана Ачык саясат гезиттери “Туманов памперс сатып байыган” деп шылдыңдап жазып чыкты. Мен өмүрүмдө памперс саткан эмесмин. Мен аларга памперс сатканымды далилдеп бер десем болот эле? Бирок, мен анткен жокмун. Андан тышкары “Ачык саясат” гезити прокуратуранын, соттордун үстүнөн үстөмдүк кылып жатат деп жазып чыгыптыр. Мен кантип үстөмдүк кыла алмак элем.  Андан дагы мени Жаныш Бакиевдин деңгээлине жетип калды деп салыштырыптыр… КСДП менен келип алып эле жыргап атат дешет.  Мындай гезиттерди сыйлабайм. Аларга да жооп кайтарбайм. Себеби, мени Жогорку Кеңештин депутаты болуп отуруп үстөмдүк кылып жатат деп чыгышы мүмкүн. Буларга теңелгим келген жок. Ушундай такталбаган жана мазактаган маалыматтар менен өзүнүн кадыр-баркын жоготот деп эсептейм.

Айбат гезити №51



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru