Айбат » Токтогул Какчекеев, талдоочу: Курманбек Осмонов колдоого муктаж эмес

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Токтогул Какчекеев, талдоочу: Курманбек Осмонов колдоого муктаж эмес

Какчекеев ТоктогулАкыркы кезде бир катар экс-чиновниктер гана эмес учурдагы чиновниктерге да кылмыш иши козголуп жатат. Өлкөдөгү мындай көрүнүштү коррупцияга каршы күрөшүүнүн далили деп айтсак болобу?

– Албетте, мындай көрүнүштү колдошубуз керек. Тарыхтын агымы көрсөткөндөй, 20 жылдан бери Кыргызстандын байлыктарын бир ууч чиновниктер ээлеп алып, каалагандай тайраңдап келген. Өлкөгө чыккынчылык кылган адамдар эртедир-кечтир сөзсүз жоопко тартылганы туура. Кыргыз эли алардын ким экенин билиши зарыл. Алар баш мыйзамды кармап, элге ак кызмат кылам деп ант берип, ыплас иштерге барганы жөн эле калып кетпеши керек.

– Мамлекеттин казынасына кол салгандардын жазаланып жатышы азыркы учурда кызматта тургандарга сабак боло алабы?

– Бүгүнкү күндө гана эмес көп жыл мурун кылмыш кылган чиновниктердин жоопко тартылышы учурда кызматта турган адамдарга сөзсүз сабак болот. Алар да алды-артын карап, таза иштегенге аракет кылып баштайт. Мындай аракеттер токтоосуз улана берсе, мамлекет тез эле бутуна туруп кетет. Бизди куураткандар дал ошол коррупционер чиновниктер да.

– Президент Алмазбек Атамбаев паракорчулук менен күрөшүүдөөз эркин кандай көрсөтүп жатат?

– Азыр коррупцияга каршы күрөшүүдө президент Алмазбек Атамбаев өз эркин көрсөтүп, кескин кадамдарга барып жатканы колдоого алынарлык. Муну баарыбыз колдошубуз зарыл. Ал эми айрым кылмыш кылган саясатчылардын жактоочулары “бөйрөктөн шыйрак чыгарып” каалаганын жасаганга жол берилбеши керек.Кыргыздын тарыхында илгерттен эле кылмыш кылгандар жоопко тартылып келген.

– Парламенттеги “Ата Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов буга чейинки “Кумтөр” келишиминде мыйзамсыз аракеттерге барганы айтылып, Башкы прокуратура тарабынан кылмыш ишин козгоду. Ал эми парламенттин жыйынында анын таламын айрым кесиптештери талашып чыкты. Негизи эле кыргыз коомчулугунда кайсыл бир саясатчыга кылмыш иши козголсо анын жакындары ызы-чуу чыгарып үйрөнүп алды. Мындай көрүнүштөн кантип арылсак болот?

– Курманбек Осмонов буга чейин Жогорку Сотту, Юстиция министрлиги сыяктуу чоң кызматтарды аркалап келген. Ал колдоого деле муктаж эмес. Курманбек мырза сотто өзүнүн сактаганга кудурети жетет. Эгер ал Ташиевге окшоп баатыр энелердин артына жашынса, анда өзүнүн абийири кетет. Менин оюмча, ар бир адам мыйзам алдында күнөөсү болсо жазасын алышы шарт. Ал эми таза болсо соттон акталып кетет.

Айбат гезити №51



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru