Айбат » Түштүк коогалаңында безе качкан Суваналиевдин кантип бийликке сын айтканга абийири жол берип атат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Түштүк коогалаңында безе качкан Суваналиевдин кантип бийликке сын айтканга абийири жол берип атат?

СуваналиевАртында калдыраган «калбырлары» бар саясатчылардын айрымдары бүгүнкү бийликке орду жок сын айтышып, керек болсо радикалдуу кадамдарга да баруудан баш тартпай келишет. Бирок, алардын элди карап сүйлөгөн сөздөрү канчалык кооз болгону менен көмүскөдөгү катылган «бийликке жетүү» максаттары ар бир кадамдарынан эле ачык-айкын байкалып калууда. Буга биринин артынан бири өтүп жаткан, ызы-чуулу митингдер күбө. Кыргыз эли эзелтеден «өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт» деген макалды айтып келген. Мына ушул макал бүгүнкү күндө бийлик дегенде эки көздөрү төрт болуп, түн уйкуларынан безип жүргөн саясатчыларга төп келип калгандай. Алардын бири «Каршылык Көрсөтүү Кыймылы» деген кыймылдын лидери Өмүрбек Суваналиев. Жалпы Кыргызстандын эли шайлаган президентти: «Менин душманым» деп атап, бирде Нарынга, бирде Таласка барып митинг өткөрүп жүрөт. Бирок, анын коомдогу орду, кадыр-баркы канчалык экендиги өткөргөн митингдеринен эле байкалып калды. Анткени кыргыз элинин башына кыйчалыш күн түшүп турганда азыркы кыйкырып жаткан саясатчылардын катарында Суваналиев дагы кара жанын ала качып, коңулга башын каткандардын бири болчу. Тактап айтканда түштүк жергебизде бир тууган кыргыз-өзбек элдеринин ортосуна чыккынчылардын салган чагымынан улам 2010-жылдын июнь айында коогалаңы болуп өткөнү эсибизде. Мына ушул коогалаңда мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кара жандарын карч уруп, кагылышты токтотууга далалат жасап, тажрыйбалуу аскер адамдарына муктаж болуп турганда Өмүрбек Суваналиевге да кайрылышкан. Бирок, генералчалыш мырза элинин, мамлекетинин бүтүндүгүнөн дагы кара жанынын амандыгын тилеп, Ош жергесинен безип кеткени бар. Бултуурасында экс-президент Роза Отунбаеважергиликтүүагенттиктердинбирине курган маегинде жар салды. «Өздөрүн оппозиция санагандардыбизкөрүпатабыз, алардын барк-баасын да билебиз. Жеке адамдаргакайрылбайындедимэле, бирок 2010-жылдын июнь окуясымаалындакырдаалөтөкурчболуп, аскер адамдарынынжардамынаөтөмуктажболуптургандагыСуваналиевэскетүшөт. Анынкөптөгөнжылдарданберкимилициялыктажрыйбасынакарап, Ош шаарына комендант кылыпдайындаганбыз. Бирок, көзачыпжумганчаэле ал Ош шаарынанкадимкидей эле качыпкетти. Мунусуналдыдаболотурганреферендумгакатышкысыкелбегендигимененактанды. Бизалкырдаалданансыз деле чыгаалдык, мамлекет да ансыз да кыйынкырдаалданчыкты, мындан ары да ансызалдыгажылаалат» дейт Роза Исаковна. Ырасында эле канкүйүптурганмаалдамамлекетинкоргопкалууданкачкан генерал Суваналиевмындан ары кыргызэлинекандайжакшылыкжасашмүмкүн? Кудайөзүсактасын, мамлекетибиздинбашынакыйынкырдаалкелгендеташтапкача берсе, анда Кыргызстан Суваналиевгеэмнеүчүнкерекдегенсуроожаралат. Бийликтебакыйыпотуруп, мансабынаманчыркашүчүнэлекерекпи?

Айбат гезити №51



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru