Айбат » Бакиевчилер 2010-жылдагы элдик революциянын айрым элементтерин кайталоо менен өч алууга өтүштүбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бакиевчилер 2010-жылдагы элдик революциянын айрым элементтерин кайталоо менен өч алууга өтүштүбү?

1Жүзгө чукул мекендештеринин өмүрүн кыйган, миңдеген мекендештерин өмүр бою майып кылган Бакиевдин кандуу режиминин «куйруктары» учурдагы бийликтен өч алуу максатында түрдүү «ыкмаларды» колдоно баштагандары байкалды.

Эске сала кетсек, 2010-жылдын 6-апрелинде Талас жергесинин эли түп көтөрүлө Бакиевдердин үй-бүлөлүк диктатурасына каршы чыгышкан эле. Бүтүндөй мамлекеттик бийлик бир үй-бүлөнүн бийлигине айланып, бири кыргыз элин койго теңесе, бири «тезек тердиргиси» келип, ансыз да каржалып турган карапайым элдин жонунан кайыш тилип жаткан бийлик акыркы кадамдары менен жашоосу жарды болгону менен көкүрөгүндө Айкөл Манастан калган баатырдык, ар-намыстуулугу бар кыргыз элинин чыдамын биротоло түгөткөн. «Алло» деп үлгүрө элегиңде 60 тыйындык төлөм кошулган уюлдук байланыш, кышында жыргатып жылытпаса дагы, электр энергиясына болгон баанын эки эсе кымбатташы Бакиевдик режимдин кулашына акыркы себептер болуп калган.

Ырасын айтканда, ага чейинки аракеттери деле КурСалиевичтин бийлигинин кутуруп баратканын көрсөткөн. Эли үчүн, мамлекети үчүн жан үрөп күрөшкөн, чыныгы патриот инсандарыбыздын канчасы Бакиевдин кандуу режиминин курмандыгы болгон. Журналисттерге, саясый ишмерлерге карата кол салуулар, буйрук менен адам өлтүрүүлөр болуп турган. Качкын президенттин эрке талтаңы Максим далай бизнесмендердин маңдай тери менен тапкан бизнестерин рейдерлик жол менен басып алууга өткөн.

Айтор, кыргыз элинин башына душмандар да салбаган кыйынчылыкты Бакиевдин бийлиги салып турган эле. Президент болгону колундагы бийлигин Максимчигине «тарттырып» жиберип, КурСалиевич аянтка чыгып өзбек бийин бийлеп, элдин алдына чыгып бөйрөгүн таянып, дымак менен гана сүйлөп калганга өткөн.

Мына ушундай карасанатай бийликтин карөзгөй саясатына эч кандай саясый лидерлери жок эле, адегенде Талас жергесинде эл жапырт көтөрүлүп, 2010-жылдын 6-апрелинде облустук администрациянын имаратын басып алышкан. Бул чыныгы элдик толкун болгон. Анын эртеси борбор шаарыбызда Жаныш Бакиевдин октору ызылдап учуп жатканына карабай, кара жандарын сайып коюп, карапайым эл борбордук бийликти сүрүп чыккан.

Азыркы күндө болсо бардыгы башкача. Өлкөбүздө чыныгы демократиялык жолдогу парламенттик-президенттик башкаруу системасы иштеп турат. Эч ким элди «тезек» тердирген жок, эч ким элдин «алло» деп койгону үчүн 60 тыйын салык салган жок. Электр энергиянын баасы өз ордунда. Саясый ишмерлерге, журналисттерге да эч кандай коркутуу бийлик тарабынан жасалган жок. Коррупцияга, коррупционерлерге каршы айыгышкан күрөш жүрүп жатат. Эл аралык мамилелер чыңалып, өлкөбүзгө ири инвесторлорду тартуу аракети башталды. Бийлик бир адамдын колунда эмес.

Бирок Бакиевдердин убагындагы майлуу «манту» жеп көнүп калган саясатчылар бүгүнкү бийликтен кандай гана жол менен болсо дагы өч алуу жолун издешүүдө. Ал үчүн 2010-жылдагы чыныгы элдик революциянын айрым элементтерин кудум өзүндөй кылып кайталоого аракет кылган сценарийлерин да байкап атабыз.

Буга кечээ жакында эле болуп өткөн Караколдогу митинг, анын артында болгон облустук администрацияны басып алуу аракети, өкмөттүн өкүлүн барымтага алып, өрттөйбүз деп коркуткандарын айтсак болот.

Бул сценарийлердин жазылышынын, анын «коюлушунун» артында кимдер тургандыгы жалпы кыргыз элине ачык эле билинип турат. Азыноолак эле Бакиевдин «акырынан» жем жеп көнүп калган «ба-а баягылар» эле. Таластагы чыныгы революционерлердин аракетин Караколдогу кайталагысы келген «бакиевчилер» мамлекетибиздин, элибиздин эртеңки тагдыры менен ойноп жаткандарын түшүнбөй жатышат. Алардын оюнда жалгыз гана өч алуу – «силер бизди ушинтип кууп чыктыңар эле, биз дагы ошентебиз» деген көөдөй кара ой жатат.

Алар азыркы тапта Кыргызстанда президенттик башкаруу эмес, парламенттик-президенттик башкаруу экендиктерин сонун түшүнүп турушса да, бир эле президентке карата «чабуул» жасагылары келүүдө. Бирок, кыргыз эли илгертен көрөгөч, акылман эл. Мындай бузукулук иштердин артында кимдер турганын, кайсыл «бакиевчилердин» кулагы «сыраңдап» жатканын сонун эле түшүнүп турушат.

Эл азыр Бакиевдин бийлигин кан төгүп кулатып алып, кайра эле аны кан төгүү мене алып келип, орноткусу келберин «бакиевчилер» түшүнгүсү келбей жаткансыйт…

Айбат гезити №51




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru