Айбат » «Мен премьер-министр болгондон кийин кызым, уулум жана иним мамлекеттик жумуштан кетишкен»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Мен премьер-министр болгондон кийин кызым, уулум жана иним мамлекеттик жумуштан кетишкен»

Sky Bishkek - Скай Бишкек«Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Эркинбек Алымбеков: «Жантөрө Сатыбалдиев айрым авиакомпанияларды колдоого алып, андан өз үлүшүн алып турат экен» деген дооматы дагы журналисттер тарабынан унутта калган жок. Бул суроого премьер-министр: «Менин кызым мен премьер-министр болгонго чейин эле «Скай Бишкек» авиакомпаниясынын түзүүчүлөрүнөн болгон. Андан сырткары бир иним, уулум дагы мамлекеттик жумушта иштешчү. Мен аларга «Эгерде мени колдосоңор, бул жумуштардан баш тарткыла» деп айткам. Ошол эле учурда кызыма дагы. Ошондон кийин кызым «Скай Бишкек» авиакомпаниясынан чыгып кеткен. Азыр алар мамлекеттик структурада иштешпейт» деп жооп берди. Ошондой эле Эркинбек Алымбековдун дооматы боюнча иликтөө жүргүзүү керек экендигин билдирди.

Айбат гезити №51



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru