Айбат » «Кумтөр» ишин токтотсо, ага кошулуп дагы 708 чакан ишканалар ишин токтотот

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » «Кумтөр» ишин токтотсо, ага кошулуп дагы 708 чакан ишканалар ишин токтотот

КумтөрБүгүнкү күндө «Кумтөр» маселеси боюнча сүйлөшүүлөр дагы деле уланып жаткандыгын Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Анын белгилешинче, сүйлөшүүлөрдүн багыттары боюнча өкмөт мүчөлөрү үч топко бөлүнүп алып иш алып барууда. Биргелешкен иш кана түзүү багыты боюнча Жоомарт Оторбаевдин жетекчилиги астында, экологиялык маселелер боюнча Тайырбек Сарпашевдин, финансылык тармак боюнча Ольга Лаврованын жетекчилиги алдында иш жүрүүдө. Алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү боюнча үч вариант бар. Биринчиси канадалык инвесторлор менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча иштелип чыккан долбоор, экинчиси парламент тарабынан жүктөлгөн биргелешкен ишканада 67 пайызга жетүү варианты, үчүнчүсү улутташтыруу. «Өкмөт бул долбоордо мамлекетибиздин кызыкчылыгын жогорку деңгээлде коргойт. 15-нобрдан тарта канадалык инвесторлор келип, сүйлөшүүлөр башталат. Андан кийин алар дагы өз позицияларын билдирет» дейт премьер-министр. Ошондой эле «Кумтөр» ишканасы токтоп калса, аны азык-түлүк, товар менен камсыз кылып турган чакан ишканалар да ишин токтотууга мажбур болорун билдирди. Мындай ишканалардын саны 708ге жетет. Өкмөт башчы ал ишканалардан мамлекетке канча салык түшө тургандыгын эсептөө үчүн буйрук бергендигин билдирди. «Бул 708 ишканада эң аз дегенде эле бештен киши эмгектенген болсо, ошондо 3500дон ашуун адам жумушсуз калышы мүмкүн. Ага дагы «Кумтөрдүн» өзүндө иштегендерди кошсок 7000ге жетет. Андыктан бул маселени өтө терең ойлонуш керек» дейт Сатыбалдиев.

Айбат гезити №51



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru