Айбат » Эки бөйрөгүнөн жабыркаган 15 жаштагы Ак-Талаалык Адилет колдоо сурайт (фото)

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Эки бөйрөгүнөн жабыркаган 15 жаштагы Ак-Талаалык Адилет колдоо сурайт (фото)

IMG_9295Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Э.Карасартов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу, эки бөйрөгүнөн жабыркаган Адилетке колдоолор башталды. Бул тууралуу “Ак-Талаа жаштары коомдук” бирикмесинин төрагасы Жаныбек Жолдубаев билдирди.

Кечээ 6-ноябрь күнү, Бишкек шаарында жаштар иштери боюнча билим деңгээлин жогорулатып жаткан Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймактарынан келген жаш активистер Адилеттин Бишкек шаарында турган туугандарынын үйүнө барып аз да болсо да каражат жагынан жардам берип келишти.

«Биз учурда жер-жерлерди кайрымдуулук акцияларын уюштурганы жатабыз. Адилеттин операциясына керектелүүчү каражатты кайдыгер карабаган инсандардан колдоо сурап келебиз. Учурда колунда бар инсандардан колдоо сурап социалдык түйүндөр жана маалымат каражаттары аркылуу кайрылуу кат жана билдирүүлөрдү жазуудабыз. Биздин тилектер бирге орундалат деп ишенебиз», – дейт жаш активистер.

Эске салсак, Адилеттин эки бѳйрѳгү тең кургап калгандыктан, атасы Медербеков Мухамедильич сол бѳйрѳгүн Адилетке берет. Буга 12 миң америка доллары сарпталат. Адилет беш бир туугандын улуусу, турмуш шарты орто, ата-энеси эч жерде иштебейт, дыйкан чарбасынын мүчѳсү, социалдык жактан жардамга муктаж. Операциядан кийин дагы ден соолугу калыптанышы үчүн дагы 200 миң сом акча керектелет.

Андан сырткары азыркы убакытта жумасына эки жолу гемодиализ аппаратынын дарысына 10 миң сомдон акча сарпталып турат.

Эгерде жардам берүүнү каалагандар болсо тѳмѳнкү банктык эсепке которсоңуздар болот.

Банктык реквизиттер:

Р/счёт № 1290262120020012 И-333

РСК Банктын Ак-Талаа филиалы

БИК 129026

Жээнбаева Токтобүбү Жыргалбаевна

0778 80-36-63
0773 14-67-73
0778 59-04-57

IMG_9294 IMG_9295 IMG_9301



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru