Айбат » Кыргызстанда коррупцияга каршы багытта бир катар аткаминерлердин камалышы күтүлүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кыргызстанда коррупцияга каршы багытта бир катар аткаминерлердин камалышы күтүлүүдө

Марс СариевСаясат таануучу Марс Сариев акыркы убактагы экс-министрлердин жана ЖК депутатына карата козголгон кылмыш иши боюнча пикирин билдирди.Анын айтымында, президент мурунку жана учурдагы жогорку кызматтагы чиновниктер, депутаттарды пешенесинен сылабайт.“Көпчүлүк Нариман Түлеевдин кылмыш иши менен коррупцияга каршы күрөшүү токтоп калат деп ойлошкон. Кээ бирлер кезектеги “маски-шоу” болот деп күтүшкөн. Бирок президент бул маселелер жаңыдан гана күч алып жатканын көрсөттү”, – дейт эксперт.

Анын пикиринде, жакын арада бир катар бийлик же бизнес өкүлдөрү камалышы мүмкүн.“Кадрдык жактан чоң тазалоо алдыда турат. Эч кимге карата жеңилдетүү болбойт. Анткени Болот Абилдаев сыяктуу ири россиялык компанияларда чоң кызматты ээлегендер да четте калган жок да. Бул жакта “Газпром” менен болгон мамилелер эске да алынбаптыр”, – деди Сариев.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин катуу позициясы өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу.“Оппозиция азыр болбосо да жазында экономикадагы көйгөйлөрдү бетке кармап, колдонушу мүмкүн. Ошондой эле мигранттардын массалык кайтып келиши, Кыргызстандын Бажы союзуна кириши өлкөнүн базарларында соода-сатыктын кескин кыскарышына алып келет. Албетте, бардык маселелерде өлкө башчысын айыпташат. Ошондуктан Атамбаев коррупция менен болгон чечкиндүү иш-аракетинин натыйжасында гана абалды өз көзөмөлүндө сактап кала алат”, – деди Марс Сариев.

“Вести.kg” сайтынан которулду

Айбат гезити №51




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru