Айбат » Нуржан Ташболотова: “Турмушка чыгуу алдыңкы пландарымда бар”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Нуржан Ташболотова: “Турмушка чыгуу алдыңкы пландарымда бар”

1Экран алдындагы көптөгөн көрөрманды жаңылыктар менен кабардар кылган, жагымдуу жылмайган дикторлорубуздун жеке жашоосуна ким гана кызыкпайт. Жагымдуу үнү, чырайлуу жүзү менен көптөгөн көрөрмандардын жүрөгүнүн төрүнөн орун алып келген КТРКнын диктору Нуржан Ташболотованын жеке жашоосуна биз да кызыктар болуп, маекке тарттык.

Туулган жери-Нарын облусу, Жан-Булак айылы. Туулган жылы-1985-жыл, 16-июль. Хоббиси-китеп окуу. Үй-бүлөдө-9 бир туугандын кичүүсү. Учурда- УТРКнын диктору. Мүнөзү-шайыр, ак көңүл. Жактырган ашканасы-түрк, европа ашканасы. Айдап жүргөн унаасы-мерседес. Жактырып көргөн тасмасы-мелодраммаларды жактырат.

– Нуржан, диктор болуу бала кездеги кыял беле же турмуштун агымы менен аркалаган кесиппи?

– Бала кезимдеги кыялдардын бири элге кызмат кылып, коомдук ишти аркалоо болгон. Кыргыз-Түрк-“Манас” университетинде окуп жүргөндө эле телеге жумушка орношуп, сабакты да, ишти да чогуу алып кеткенге болгон аракетимди жумшадым. Албетте, кастингден жакшы өттүм, бирок, жаңы келгенде эле эч ким эфирге чыгара койбойт. Бир топ сындан өтүп, бирөөдөн жакшы сөз, бирөөдөн уруш угуп жүрүп такшалдым. Аракетимдин акыбети кайтып, “Жаңылыктар” бөлүмүндө эмгектенип жатам.

– Өз дарегиңе айтылган кандай катуу сын же болбосо мактоо эсиңден чыкпайт?

-Албетте, теле болгондон кийин сөзсүз көп сын-пикирлер айтылат. Улуу муундагы эжелер тез сүйлөйсүң, көзүңдү аябай чоң ачып жибересиң же ирмейсиң дешет. Үйгө келгенде өзүмдү кайра-кайра күзгүдөн карап алып, ал каталарды кайталабаганга аракет кылам.

– УТРКнын ичинде интрига көп дешет го, мындай чөйрөдө кантип “жан багыш” керек?

– УТРКда эле эмес, башка мекемелерде деле интрига болот, болгону телеканалда элге таанымал, чыгармачыл адамдар көп иштешет. Ал эми чыгармачыл адам сезимтал, таарынчаак, атаандашчыл болот эмеспи. Анан бири-бирин жамандап, анысы сыртка жайылып бат эле билинип калат. Башка тармактагы интригалар билинбей өз нугу менен кетип, биздики оркоюп чыгып калганынын себеби да ошондон улам болсо керек. Канчалык аралашпайын десең да баары бир бирде болбосо бирде сени мындай иштер айланып өтпөйт. Айла жок, жумуш деген ушундай экен. Чыдап иштеш керек. Бирок, мен көп нерсеге маани бербей эле жүрө берем. Жаман адамдар болсо алар менен мамиле түзбөйм дегендей.

– Дикторлорду эфирден гана көргөндөр алардын жашоосун, телегейин тегиз элестетишет эмеспи, эфир артындагы жашоону сүрөттөп берсең?

– Эртең мененки саат сегиз жарымда жыйналыш башталат, ошондон тартып тыным жок. Дикторлор сүйлөп, алып барып койбостон, редакторлукту, кабарчылыкты, алып баруучулукту аркалап жатып үйгө чынын айтсам кеч барам. Кээде үйгө түн ортосунда барганга туура келет. Бизде иш аябай оор. Жаңылыктар тез-тез болот. Ар бирин кылдат карап эфирге чыкпаган күнү башка иштерди жасайм.

– Теледе жүз алдыңкы орунда эмеспи. Келбетиңе кам көргөнгө канча убакыт жумшайсың?

-Ооба, жүзүбүз негизги нерсе болгондуктан, ар дайым жасанып турууга туура келет. Телевидение эркектер сыяктуу, ал сулуулукту талап кылат. Аша чаап болгон убактымды келбетиме жумшай бербейм, азыр убакыт тар. Үйгө түнкү саат бирде барсам да бетимди самындап жууп, крем сүйкөп жатып албайм. Маска жаап, адистердин берген кеңешин пайдаланып жүрөм. Аялзаты болгондон кийин өзүңдү карап жүрүшүң керек эмеспи. Жыл өткөн сайын дене-мүчөң, келбетиң өзгөчө камкордукту талап кылат экен.

– Көпчүлүктүн купулуна толгон диктор болуу үчүн эмне керек деп ойлойсуң?

– Сулуулук же болбосо журналисттик дарамет деп бирөөсүнө басым жасоо туура эмес. Анткени, көпчүлүктүн табитине туура келүү үчүн диктор бардык жагынан төп келүүсү зарыл. Сырткы келбет, акыл, үн, билим, ошондой эле жоопкерчилик.

– Сулуу айымдар көп учурда чоңдор көз жаздымынан кетпейт эмеспи. Ушул убакка чейин көңүлүңдү ирээнжиткен сунуштар болду беле?

– Мен үчүн бул татаал суроо болуп турат. Эркек элдин көзүндө эле жүргөн эмес, башка аялдарга деле тийишкиси келсе тийише берет. Мисалы, көп атактуулар кол алдында иштеген кызматкерлерди алып алышат. Мен муну тагдыр, нике кайып деп гана ойлойм. Маңдайыңа жазып койсо, тагдырдын жолу табыштырып жатса улуубу-кичүүбү, байбы-кедейби, чоң кызматта иштеген адамбы же жөн гана карапайым адамбы, баш кошуп жашай берет. Бирок, менин башыма, алдыма мындай сунуштар азырынча түшө элек.

-Өзүңдү дикторлуктан сырткары башка тармактан сынап көрөйүн деген оюң барбы?

-Азырынча жашмын, сулуулугум өзүмдө. Дикторлук кесипти эми убакыт өтсө көрөбүз. Жаш өткөндө башка жаңы дикторлор келет. Ошондуктан бул нерсе тууралуу азырынча ойлоно элекмин.

-Сулуу болуш үчүн кандай аракеттерди кыласың?

– Мен өзүмдү жагымдуу алып жүрүү үчүн дайым кам көрөм, келбеттүү болууга аракет кылам. Азыркы учурда сулуу болуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Косметологдордун жардамы менен туура косметиканы тандап алса болот дегендей. Мындан тышкары мен убагында уктап, убагында тамак ичип, спорт менен машыгам. Бирок, күн сайын машыкканга убактым жок болгондуктан, эс алуу күндөрү ага атайын убакыт бөлөм. Достор менен эс алууга барам.

-Кесибиңе байланыштуу классикалык костюмдарды көп киет эмессиңби, ал эми жашоодо кайсы стилде кийингенди жактырасың?

– Мындан 2-3 жыл мурда жашоодо дагы дайыма костюм, бийик така кийип, чачымды жасатып жүрчүмүн. Азыр болсо негедир ал стилден чарчап спорттук, денеге эркин олтурган кийимдерге кызыкчу болдум. Ошондуктан, азыр жумушта классикалык, жашоодо спорттук стилдеги жынсы шым, футболка сыяктуу кенен кийимдерди кийип жүрөм. Рулда да көп отургандыктан, жалпак бут кийим, өзүмө жарашыктуу, тыкан кийимдерди кием.

-Диктор айымдын жүрөгүндө бирөө барбы?

-Чынын айтсам жигит аттуу жок. Жүрөгүм боп бош бойдон. Качан бирөө келип орнойт, аны убакыт көргөзөт. Бирок, убактым да келди сүйүү тууралуу ойлонушум керек. Турмушка чыгуу алдыңкы пландарымда бар. (Г.К)

Маектешкен Назира Бактыбековаф



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru