Айбат » Эркин Алымбеков тууганы үчүн ажылдап жатабы же эл үчүнбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Эркин Алымбеков тууганы үчүн ажылдап жатабы же эл үчүнбү?

Алымбеков Эркин2013-жылдын октябрь айынан Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин астындагы жарандык авиация агенттигинин жетекчилигинен шыпырлган кадимки “атамекенчи” депутат Эркин Алымбековдун бипбиртууган иниси Акылбек Жумабаев “креслосунан” айрылган соң, аны сактап калуу үчүн депутат агасынын ага жандалбастаганы коомчулукка көп жага бербеди. Сындашты, айтышты. Айтпаганда не? Айтыш керек, сындаш керек. Эгерде туура эмес эле иштерди жасап жатса.

Акылбек Жумабаевдин иштеп турган кезинде эмне иштерди аткарып жатканы деле дайынсыз. Маселен, аба каттамдардын тарифтери 2013-жылдын 1-мартынан баштап төмөндөрүн айтып чыккан. Төмөндөгөн жок.  Алардын ошол кезде берген маалыматына ылайык, күйүүчү май тоннасына 150 долларга төмөндөтүлүп, 1-марттан баштап Бишкек-Ош каттамындагы билеттер 500 сомго, Бишкек-Жалал-Абад, Бишкек-Баткен менен Бишкек-Исфана – 300 сомго арзандамак. Арзандадыбы, жок.

Эң жөнөкөй ушул иштерди жасай албаган жөндөмсүз Жумабаев кызматынан кеткен соң агасы Эркин Алымбеков “статс-катчысы Максатбек Дыйкановдор тарабынан “Манас” аэропортунда транспорттук хабды түзүүгө  жана транзиттик потенциалды максималдуу колдонууга эч кандай чаралар көрүлгөн жок. Түрк авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул каттамында монополияда турганда, авиабилеттин баасы – 800 доллардан жогору көтөрүлүп кеткен болчу. Кийиналмонополияныбузуп, башка авиакомпания да уча баштагандабаакескинтөмөндөдү. Бүгүн Москва багытындаучуучуавиакомпанияга “крышавайтеткен”  премьер-министр ЖантөрөСатыбалдиев, статс-катчыДыйкановжана транспорт министриКалык Султанов, ар биржүргүнчүдөнавиакомпаниянын  чөнтөгүнө 300 доллар сындырыпбериптурат. Эгербуларбулавиакомпанияга “крыша” болбогондо Бишкек-Москва-Бишкек” багытында да авиабилеттинбаасыкескинтөмөндөйт эле”, – деп айып тагып чыкты.

Иниси кызматта иштеп жүргөндө эмнеге бул суроолорду көтөрүп чыккан эмес деген суроо туулат. Эгерде иниси жакшы иштесе өзү көтөрүп жаткан маселелер оң жолго салынып, авиабилеттердин баасы арзандап жүргүнчүлөр үчүн абдан ыңгайлуу болот эле да.  Ал гана эмес Эркин Алымбеков, Акылбек Жумабаев жана “арнамысчы” депутат Игорь Гусаров үчөөнүн “Kyrgyz Airlines” компаниясында үлүшү бар дешет. Бул авиакомпанияга Түркия, Россия ж.б. өлкөлөргө жетиден кошумча каттам алып бергени айтылып жүрөт. Ушундан улам Эркин мырзанын эмнеге эле аңылдап чыгып атканын аңдасак болот го!  Ал эми депутат башы менен  мас абалында көчөдө бак-даракттарды булгап заара ушатып жатканын кеп кылбай эле коёлу. Болбосо тууганы үчүн күйүп бышып жүргөн Бакиев эмне болду?

Айбат гезити №51



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru