Айбат » Жумгалда жаштар күнүнө карата «Жаштардын келечеги кең!» аттуу flash mob иш-чарасы өтөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгалда жаштар күнүнө карата «Жаштардын келечеги кең!» аттуу flash mob иш-чарасы өтөт

sam_3532Нарын облусунун Жумгал районундагы жаштардын “Жумгал KG” коомдук бирикмеси тарабынан 10-ноябрь жаштар күнүнө карата “Жаштардын келечеги кең!” аттуу flash mob иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу жаштардын “Жумгал KG” коомдук бирикмесинин уюштуруучулары маалымдады.

Жаштар күнүн белгилөө аталган жаштардын коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп, майрамдык күн жакшы маанайда өтүп, ага райондун айылдарынан келген жаш активисттер, коомдук уюмдардын жана мекеме ишканалардын жаш активист кызматкерлери, мектеп окуучулары катышышат.

Майрамдык күн “Жаштардын келечеги кең!” аттуу flash mob иш-чарасы менен башталып, жаштардан турган жөө жүрүш жасалат. Бул күнү Жумгал районунда жаштар борборунун ачылышы белгиленип, жаштарга пайдаланууга берилет. Ошол менен бирге спорттук оюндар жана концерттик кече коштолот.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru