Айбат » Бишкекте жаш активистерге социалдык долбоорлорду жазууну, түзүүнү жана пландоо менен иш жүзүнө ашыруу боюнча окуу өтүп жатат (фото)

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бишкекте жаш активистерге социалдык долбоорлорду жазууну, түзүүнү жана пландоо менен иш жүзүнө ашыруу боюнча окуу өтүп жатат (фото)

IMG_9450Бишкек шаарында Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги Германия эл аралык кызматташтыгы коому GIZдин «Жаштар үчүн жаркын келечек» долбоору аркылуу «Жаштар чөйрөсүн адистештирүү: жаштар менен иштөө боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу» программасынын алкагында учурда жаш активистерге социалдык долбоорлорду жазууну, түзүүнү жана пландоо менен иш жүзүнө ашыруу боюнча окуу өтүп жатат. Окуу “Мамлекеттин байлыгы” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп өтүүдө.

Окуулар ушул жылдын октябрь айынан башталып, ай сайын жаштар иштери боюнча, коомчулук менен тыгыз кызматташтыкта иштөө боюнча ар кыл багытта окууларды өтүп келет. Аталган окуу Германия эл аралык кызматташтыгы коомунун «Жаштар үчүн жаркын келечек» долбоору аркылуу Германия өкмөтүнүн каржылоосу менен ишке ашырылып жатат. Окууда пилоттук аймак катары Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустары кирген. Учурда жалпы 25 жаш активист катышып окуудан өтүп келет.

Ар бир облустардан тандалып алынган жаштар менен тыгыз кызматташып бирге иш алып барган бейөкмөт уюмдардын жана жаштар борборлорунун жаш активисттери ар бир ай сайын ар багыттагы тармак менен окуудан өтүшүүдө. Жыйынтыгында аталган долбоор аркылуу окуудагы ийгиликтери менен жер-жерлерден келген жаш активисттер өздөрүнүн аймагына багытталган чакан долбоорлорду ишке ашырып жатышат.

Учурда, окууда жаш активистер социалдык тармактар менен долбоорлорду жазууну. Жер-жерлердеги көйгөй маселелерди анализдеп, ага ылайык долбоорлорду жазууну жана пландоону. Долбоор жазууда аны алдын ала кароо менен мониторинг жүргүзүп баа берүүнү жана долбоор жазууда донорлорду тартуу, же башка тармактагы каражат булактарын өркүндөтүүгө болгон жардамды жана каражат булактарын тартууну үйрөнүшүүдө.

IMG_3807 IMG_9024 IMG_9062IMG_9414 IMG_9454 IMG_9457




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru