Айбат » А.Анапияев жомок китеби үчүн 80 миң сом берди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » А.Анапияев жомок китеби үчүн 80 миң сом берди

анапиявАкыркы кезде адабий чыгармаларга мамлекет тарабынан кам кѳрүүнү кой, кыргыз адабиятынын тагдыры тийиштүү аткаминерлердин оюна келмек түгүл, түшүндѳ деле кѳрбѳй калышкан. Качан болсо айта калчу шылтоо, казына бош, чѳнтѳк жука деп келишкен. Балдарга арналган чыгармалар, жомок китептери дээрлик жокко эсе. Ушундай абалды алыстан абай салып байкап калганбы же Жаныбек Жанызактын үнү жеткенби, эл аралык “Алыш” федерациясынын президенти Алмамбет Анапияев кыргыз эл жомокторунун топтомун чыгарууга 80 миң сом каражат бериптир. Жакынкы күндѳрү бѳбѳктайлар колуна жомок китеп алышып, кудуңдаган кубанычына күбѳ болот экенбиз



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru