Айбат » «Кумтөр»: Жаңы тактика Тандалды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » «Кумтөр»: Жаңы тактика Тандалды

«Кумтөр» кенинин айланасындагы ызы-чуу жакын арада токтобой тургандай. Кыргыз өкмөтү менен «Центерранын» ортосундагы келишим тууралуу меморандумду Жогорку Кеңеш кабыл албай кайтаргандан кийин, эки тарап кайра сүйлөшүүгө отурду. Бирок, бул сүйлөшүүдөн майнап чыккан жок. Ал эми Президент Алмазбек Атамбаев элдин тынччылыгы үчүн улутташтырууга баруубуз мүмкүн деген оюн билдирди.

Сүйлөшүүдөн майнап чыкпадыкумтор

Үлүштөр 50-50% болуп бөлүштүрүлгөн биргелешкен ишкана түзүү боюн-ча келишимдин меморандумун Жогорку Кеңеш кабыл албай кайтарып, Кыргызстандын үлүшүн 67%га жеткирүү талабын койгону маалым. Мындан кийин эки тарап кайра сүйлөшүүгө отурду. Кыргыз өкмөтү тараптан сүйлөшүүгө катышкан Алманбет Шыкмаматовдун айтымында, сүйлөшүү татаал шартта өтүп, добуш көтөрүүгө чейин барышты. 7-8-ноябрда өткөн сүйлөшүүлөрдө “Центерра Голд” компаниясынын президенти Ян Аткинсон, компаниянын директорлор кеңешинин башчысы Стивен Ланг баштаган беш киши, кыргыз тараптан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген тиешелүү кызматкерлер жана ошондой эле эл аралык кеңешчилер катышкан. “Центерранын” жетекчилиги компаниянын акционерлери жана директорлор кеңешинин мүчөлөрү Кыргызстанды арбитраждык сотко берүүнү сунуштап жатышканын билдирген. Эгер эки тарап сүйлөшүү жолу менен кандайдыр бир чечимге келе албаса, анда арбитраждык сотко кайрылууга даяр экендиктерин билдиришкен. Ушундай эле жоопту Кыргыз өкмөтү да билдирип, сотко даяр экендигин айтты. Бул жолу эки тарап эч кандай пикирге келе албай, «Центерранын» жетекчилиги Канадага кайра учуп кетти. Сүйлөшүүлөр дагы уланарын айтышты өкмөттөн.

Тандалган жаңы тактикабы?

Буга чейин депутаттар өкмөттү да, президентти да «Центерранын» адвокаты болуп атасыңар деп бир топ сындап келишти. «Ушул пайыздан ашык көтөрүлө албайбыз, Кумтөр токтоп калса, ачка калабыз» деп баарыңар бир добуштан айтып атсаңар, анан алар кантип 67%га макул болмок эле? Андан көрө кыйналсак деле кенди өзүбүзгө алабыз деп айтпайсыңарбы» деп чыгышкан. Ушул кеңеш эске алындыбы, же президент ойлонуп көрүп, «Кумтөрдүн» маселесин чечмейин тынчытуу кыйын экенин сездиби, айтор, Кыргызстан аталган ишкананы улутташтырууга баруусу мүмкүн экенин айтты. «Кумтөр» акыркы убакты саясый оюнга айланып баратат. Экономикабыз канчалык кыйын, оор болбосун, элдин тынчтыгы үчүн биз улутташтырууга барышыбыз мүмкүн” деди президент Би-Би-Си радиосуна берген маегинде.

Улутташтырууга кадам

Бул ортодо Мамлекет башчы башкаруучу коалицияга кирген фракциялардын жетекчилери менен жолугушуп, Кумтөр маселесин талкууга алды. Алмазбек Атамбаев фракция лидерлерин бул маселени жети өлчөп бир кесүүгө чакырды. Жолугушуудан көп өтпөй «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев маалымат жыйын өткөрүп, «Кумтөр» ишканасын улутташтыруу боюнча мыйзам даярдап алып чыгаарын билдирди. «Алмазбек Атамбаев келишимдерди денонсациялоону колдобойт, бирок «Кумтөрдү» 100% улутташтырууга макул, мен анын позициясын ушундай түшүндүм. Ошондуктан, мен жакынкы күндөрдө улутташтыруу боюнча мыйзам алып чыгам» деди Текебаев. Анын айтымында, эгерде Кыргызстан улутташтырууга бара турган болсо «Центерра Голд инк» компаниясынын акцияларын 10 жылдын ичинде төлөп берсе болот. Аны менен катар «Ата Мекен» лидери чет элдик инвесторлорго тийиштүү мыйзамдарды катуулатуу керек. «Биз инвесторлордун эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коюшубуз керек. Кыргызстан шылуун-инвесторлорго каршы күрөш жүргүзөрүн биз бүткүл дүйнөгө билдиришибиз керек» деди Өмүрбек Текебаев. Ошону менен катар Кыргызстан «Центерраны» экологиябызга зыян келтирди деген доо менен Жети-Өгүз райондук сотуна берсе да болорун айтты эл өкүлү.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru