Айбат » Б.Нурдинов, Бишкек казияты аркылуу хадж-визасын алган Өзбекстандын 30 жаранынын схемасын таап алган

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Б.Нурдинов, Бишкек казияты аркылуу хадж-визасын алган Өзбекстандын 30 жаранынын схемасын таап алган

меккеКыргызстан  жана Орто Азия мусулмандар Конгрессинин төрагасы Бакыт Нурдинов, Бишкек казияты  аркылуу  хадж-визасын  алган Өзбекстандын 30 жаранынын схемасын таап алган. Бул тууралуу Б.Нурдинов Бишкекте  өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, хаджга чейин ал Бишкек казияты аркылуу Өзбекстандын 30га жакын  жараны хадж-визасын алганы жаткандыгын эскерткен. Бирок, бул маалыматты Бишкек казияты четке кагып, Кыргызстандын жарандарынын паспортторунун жасалмалуулугу алардын ишине кирбесин айткан.

Б.Нурдинов белгилегендей, Өзбекстандын 25 жараны Меккеге барып келишти. “Өзбек жарандарын  Бишкектин жаңы конуштарына каттоого тургузушкан. Андан соң, жасалма документтер менен аларга Кыргызстандын жараны делген ID-картын алып беришкен”, – деп түшүндүрдү ал.

“Бул жарандар ар бир визага 1700 доллар төлөшкөн.Алардын ортомчусу  ноокаттык Манас Исаков, муфтияттын “капчыгы” Искен Калмуратов менен байланышып иш кылган”, – деп билдирди Б.Нурдинов.

Андан соң Нурдинов, журналисттерге өзүндө болгон, Кыргызстандын жасалма паспорту менен хаджга Сауд Аравиясына барган өзбек жарандарынын тизмесин көрсөттү:

1. Абдиллаева Дилбара

2. Абдуллаева Махираткан

3. Абдуллаева Махираткан

4. Мамажанова Абдумасамт

5. Мамарасулов Маматазим

6. Тажимаматова Диларам

7. Тажимаматов Хамитжан

8. Исаков акрамжан

9. Исакова Мунажат

10. Полотов Турдала

11. Орунбаев Хабибулла

12. Орунбаева Авазхан

13. Алимова Аптавкан

14. Алимов Захиджан

15. Имяминов Захиджан

16. Имяминова Абасхан




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru