Айбат » “Алтын күз” сынагындагы аскерлер

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Алтын күз” сынагындагы аскерлер

1Адамга талант бир пайыз эле берилсе, 99 пайызы эмгектен болуш керек демекчи, ар бир адамда өзүнө тиешелүү талант бар. Келечекте мекениме кызмат кылам деген, алдыга эми кадам таштап, Ата-Журттун коопсуздугун бийик туткан, келечектеги генерал, майорлор Советтер Союзунун Баатыры,  генерал-лейтенант К. Үсөнбеков атындагы  аскер институтунун 1-курсунун курсанттары «Алтын күз» конкурсунда өздөрүн көргөзүштү.

Баштаганда эле бири  өйдөдөн түшсө, бири курал көтөрүп, бири кыргыз байрагын бийик желбиреткен курсанттар  көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду. Селкилерди имере бийлеген вальс учурунда жеңил кадам таштап, кадимки артисттерден кем калбаган курсанттар залга романтика тартуулашты. «Манастан Чубак  кем бекен» демекчи, образга кирип, анча-мынча манасчыларды  артка таштай турган  курсанттардын Манас айтышы «дух» берип, кыргыздын чыныгы уулдары экенин дагы бир ирет баса белгилешти. Андан соң бийчи жигиттер чыкканда кадимки эле бийчилер бийлеп аткандай сезим калтырышса, курсанттардын ушундай таланттуулугуна таң калдык. Битбокс жандуу музыкадан баштап, улуттук аспаптарда кол ойнотуп, жандуу үн менен обон созгон жигиттер филармониянын артисттеринен ашса ашат, бирок кем калышпайт экен. Бийди катырып бийлеп, ырды созуп жаткан курсанттар тамаша жагын да алдырышкан жок, КВНщиктерден кем калбаган жигиттер көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөсө, «Бишкегим» аттуу ырды ырдаганда өйдөдөн жалбырактар түшсө, кыргыз желегин бийиктен түшүргөндө залда отургандар коштоп жиберишти. Айтор, элге жакшы маанай тартуулаган курсанттарга ыраазы эле болдук.

Аскер адамдарын буйрук берип, буйрук аткаргандан жана тизилип баскандан башканы өздөштүрө албаса керек дегендер жаңылышат, анткени бул конкурсту көрүп отуруп, бир чети курсанттарга, бир чети жоктон барды тапкан окутуучуларына ыраазы болот экенсиң. Кантсе да буга мындай таланттуу курсанттарды окутуп жаткан  институттун салымы чоң экенин эч ким тана албайт, ага катар 1-курстун башчысынын да бир топ эмгеги кетсе керек.

Нурдана БЕГИМААЛИЕВА

 Айбат гезити №53



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru