Айбат » Кыш жакындады, чачыңызга кам көрүңүз

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Кыш жакындады, чачыңызга кам көрүңүз

чачАдамдын келбетинин сулуу болушуна чачтын салымы да абдан чоң роль ойнойт. Чачты жайкысын күндүн нурунан ал эми кышында сууктан сактабаса чач бузулуп, түшө баштайт. Чачыңызга туура кам көрө жүрүңүз.

 Чачыңыз жабыркаса

3 аш кашык каймак, 1 чай кашык май, 1 чай кашык лимондун суусун аралаштырып, чачыңызга сүйкөңүз. 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жакшылап жууп салыңыз.

Өңү өчүп калса…

200 гр тимьяндын кайнатмасына 1-2 жумуртканын сарысын кошуп, чачыңызга сүйкөңүз. 20 мүнөттөн кийин жууйсуз.

Чарчаса…

1 авокадону майдалап, ботко абалына келтирип, ага 2 аш кашык зайтун майын аралаштырып, чачыңызга сүйкөйсүз. Бир канча убакыттан кийин жакшылап жууп коюңуз.

Кургак чачтарга…

1-2 жумуртканын сарысына 1 аш кашык зайтун майын (оливковое масло) кошуп, чачыңызга сүйкөйсүз. Чачтын түбүнө көбүрөөк басым жасаңыз. Таасир бериши үчүн жарым саат күтө туруңуз.

Майлууларга…

1 жумуртка менен 1 / 2 стакан чалкандын тундурмасын аралаштырып, чачыңызга сүйкөйсүз да башыңызды баштык менен, анын үстүнөн жылуу сүлгү менен ороп, бир саат жүрөсүз. Анан суу самын (шампунь) менен жакшылап жууп саласыз.

Сынган чачтарга…

200 гр пивого 1-2 жумуртканын сарысын кошуп, чачыңызга сүйкөйсүз. Чачыңыз узун болсо каражаттардын өлчөмүн көбөйтүңүз.

Бардык чачтар үчүн:

Кефирди чачка жана баштын терисине сүйкөп койсо болот. Ал майдын бөлүнүп чыгышын жөнгө салып, кургак чачтар үчүн да, майлуу чачтар үчүн да пайдалуу болот. Андан сырткары азыктандыруучу заттарга бай.

Күчтүү кылгыңыз келсе…

20 мл бадамдын майы, 20 мл ромашканын тундурмасы жана 1 аш кашык балдын аралашмасын сүйкөйсүз. Бир аз сүт же жумуртканын сарысын кошуп койсо да болот. Жылуу суу менен жууп саласыз.

Жаркыраткыңыз келсе…

1 байлам майдаланган петрушка, 1 чай кашык арак жана 2-3 чай кашык зайтун майынын аралашмасын чачтын түбүнө сүйкөп полиэтилен шапкасын кийип, үстүнөн жылуу сүлгүнү ороп аласыз. Бир сааттан кийин суу самын менен жууп, анан 1 литр сууга 1 аш кашык уксус кошулган аралашма менен жууйсуз.

Жашылча жемиш маскалары

Картошка маскасы беттеги чарчоонун изин кетирип, бырыштарды тартат. Жазында жаңы чыккан картошканы сууга кайнатып, ысык боюнча эзиңиз. Бир аз сүт кошосуз да, муздаган соң бетиңизге жабасыз.

 

Мындан башка төмөнкү жашылча-жемиштердин териге пайдасы бар:

Өрүк – эс алдырат, кыжырданууну басат

Баклажан – нымдуулук берет

Шабдаалы – бырыштарды тартып, жумшартат

Жүзүм – нымдуулук берет жана жумшартат

Кулпунай, малина – нымдуулук берет

Лимон – беттеги чуңкурчаларды азайтат, бирок, анын ширесин башка жашылчанын ширесине аралаштырып колдонуу керек. Болбосо, лимон өтө күчтүү таасир этет.

Алча – чуңкурчаларды азайтат.

Чачыңыз түшсө

Эгер сиздин чачыңыз түшсө, атайын суу самындан (шампунь) сырткары маскаларды жасасаңыз пайдалуу. Эң жөнөкөй ыкмалардын бири болуп чачты чалкандын тундурмасы менен чайкоо эсептелинет. Ал үчүн кадимки эле чалкандын кургатылганын алып, чай демдегендей эле демдеп, башыңызды жууп бүткөндөн кийин ошол демделген чалкан менен башыңызды эки-үч сыйра чайкап коюңуз. Эгер тундуруп албасаңыз, чачыңызда чалкандын жалбырактары калышы мүмкүн. Бирок, мунун эч коркунучу жок. Кургангандан кийин силкип койсоңуз, өзү түшүп калат.

Чачыңыз бозомтук болсо…

Чачыңыздын түсү сизге жакпай, бозомтук тартып турса жумурткадан жасалган маска жардамга келет. Башыңызды жуугандан кийин суусун сарыктырып айран менен жумуртканын аралашмасын чачыңызга сүртүңүз. Ошол бойдон 10-15 мүнөт кармап, кайра аз өлчөмдөгү суу самын менен таза чайкап жууп коюңуз. Колдон келсе, чачты дагы жалтыратыш үчүн 5 литр сууга 1-2 чай кашык уксус кошулган суу менен чайкап койсоңуз, андан жакшы. Бул маскалар сиздин чачыңызды жалтыратып эле койбостон, бекемдейт дагы…

Какач биринчи душман

Какач – бул теринин катып, сыйрылып, майда болуп чыгып калышы. Ошондуктан башыңызда турган “ак карлар” албетте жаман көрүнөт. Бирок какачтан дагы арылууга мүмкүн. Башты жуур астында кадимки эле майонезди сүйкөп, жарым саатча кармаңыз. Убагы келгенде кадимкидей кылып эле жууп, чачыңызды таза чайкап койсоңуз болду. Бул ыкманы бир айдай колдонсоңуз, сиз күткөн жыйынтыкты берээри талашсыз.

Самара Саламатова

Айбат гезити №53




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru