Айбат » Ыймандын шарттары (аманту)

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дин » Ыймандын шарттары (аманту)

Куран тисмеЫйман – Ахли сүннөт аалымдарынын китептеринде жазылган, пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдан келген кабарларга ишенүү жана ишенгендигин айтуу дегенди билдирет. Аманту биллахи… де орун алган алты нерсеге ишенген жана Аллаху тааланын буйруктары менен тыюу салган нерселерин кабыл кылдым деген адам мусулман болот. Ар бир мусулман: “Аманту биллахи ва Малааикатихи ва Кутубихи ва Русулихи вал йавмил ахири ва бил кадари, хайрихи ва шаррихи миналлахи таала вал басу бадал мавти хаккун, ашхаду ан лаа илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулуху”,- деген сөздү жаттап, маанисин билүүгө тийиш. Балдарына да үйрөтүүгө тийиш. Бала бул алтоону билбесе, үйрөнбөсө жана ишенгенин айтпаса, балакатка жеткенде мусулман болбой муртад болот. Муртад – Ислам дининен чыккан адам деген сөз. Муртад болгон адамдын аялы экөөнүн никеси бузулат. Ошол бойдон кайтыш боло турган болсо, түбөлүк Жаханнамда (Тозокто) калат.

Мусулмандан туулган бала балакатка жеткенде бир гана: “Лаа илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах”, – деп айтуу менен мусулман боло албайт. Ыйманды, Исламды билүү, түшүндүрө алуусу да керек. Ыйманды түшүндүрүү деген сөз – ишенүүгө тийиш алты нерсени түшүнүү, суралганда айтып бере алуу деген сөз. Исламды билүү – Аллаху тааланын буйруктары менен тыюуларын толук кабыл кылуу дегенди билдирет.

Амантунун мааниси:

Аллаху тааланын бар жана бир экендигине ишенүү. Периштелерине, китептерине, пайгамбарларына, акырет күнүнө, тагдырга, (жакшылык менен жамандыктын Аллахтан экендигине ишенүү.) Бул алты нерсе ыймандын шарттары деп аталат.

Ыймандын туура болуусунун шарттары

Ыймандын бизде толук орун алуусунун шарттары жана себептери төмөндөкүлөр:

1. Биз кайыпка ишендик. Биздин ыйманыбыз жашыруун, ачык эмес. Анткени, биз Аллаху тааланы көзүбүз менен көрө албайбыз. Бирок, көргөн сыяктуу ишендик. Буга эч кандай күмөнүбүз жок.

2. Жерде да, көктө да адам, жин, периште жана пайгамбарлардын эч бири  кайыпты билбейт, аны бир гана Аллаху таала билет. Каалаган кулуна кайыптан каалаган нерселерин билдирет. (“Кайып”- сезүү органдары менен жана тажрыйба аркылуу сезилбеген, билинбеген нерсе деген сөз).

3. Харамды харам деп билип, анын харам экендигине ишенүү.

4. Адалды адал деп, анын адал экендиге ишенүү.

5. Аллаху тааланын азабынан ар дайым коркуу.

6. Канчалык көп күнөө кылган болсо да, Аллаху тааланын ырайымынан, кечириминен үмүтүн үзбөө.

Ушул алты нерседен бирөө кем болсо, ал адамдын ыйманы туура болбойт.

Ыйман туура болуш керек

Адамдын беш сезүү органдары менен акылы аркылуу сезилген нерселер анын ыйман келтирүүсүнө жардам берет. Табият таануу илимдери ааламдагы системанын, тартиптин кокустук эместигине жана бир Жаратуучунун бар экенине ишенүүгө, Ага ыйман келтирүүгө себеп болот.

Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам Аллаху таала билдиргендерди сахабаларына айтты. Алар аны өздөрүнүн шакирттерине жеткиришти. Алар аны кипептерине жазышты. Бул китептерди жазган аалымдар ахли сүннөт аалымдары (сүннү аалымдар) деп аталат. Ыймандын туура жана да Аллаху таала тарабынан кабыл болушу үчүн ахли сүннөт аалымдарынын китептеринде билдирилгендерге шайкеш болушу кажет.

Ал үчүн:

1. Ыйман туруктуу болуш керек. Ар дайым ыйман менен бирге болуу керек. Мусулманчылыктан чыгууга ниеттенген адам ошол замат ыймандан чыгып, муртад болот. Мусулманчылыктан чыккан адам муртад деп аталат.

2. Мусулмандын ыйманы коркуу менен үмүттүн ортосунда болушу керек. Аллаху тааланын азабынан коркуу, бирок, ырайымынан да үмүт үзбөө шарт. (Кылган күнөөдөн кайтып, тообо кылуу керек. Күнөөлөрдөн качып, алардан улам ыйманын жоготуп алуудан коркуу керек.)

3. Жан (рух) чыгар кезде акыреттин бардык белгилери көрсөтүлөт. Ушул учурга чейин ыйманга келүү керек. Жан чыгар алдында бардык капырлар ыйман келтиргилери келет. Бирок, бул кабыл кылынбайт. Себеби, көрбөй туруп ишенүү керек. Бул маалда бир гана момундардын тооболору кабыл болот.

4. Күн батыштан чыгаардан мурда ыйман келтирүү керек. Кыяматтын чоң белгилеринин бири – күндүн батыштан чыгышы. Муну көргөн адамдар ыйман келтиришет. Бирок, алардын бул ыйманы кабыл кылынбайт.

5.Кайыпты бир гана Аллаху таала билет. Жана да Анын билдиргендери билет. Маанилүү болгон нерсе кайыпка ыйман келтирүү.

6. Ислам дининин ыйманга жана ибадатка тийиштүү өкүмдөрүн кабылдоо керек. Диндин буйруктарын төмөнсүнтүү, мазактоо куфур. Б.а., динден чыгып, капыр болууга алып барат.

7. Ислам дини тарабынан ачык билдирилген нерселерге күмөн кылбаш керек. Намаздын жана орозо кармоонун фарз экендигине, алкогол ичимдик ичүүнүн, кумар ойноонун, пайыздын (процентке акча алышып-беришүүнүн), паракорлуктун харам экендигине ишенбөө же шектенүү динден чыгууга себеп болот.

8. Ыйман келтирген адам бир гана Аллаху таала үчүн жакшы көрүп, Аллаху таала үчүн душмандык кылуусу керек. Бул “хубб-у филлах” жана “бугд-ы филлах” деп аталат. Булар ыймандын негизги жана эң күчтүү белгилери болуп саналат.

9. Ыйман ахли сүннөт аалымдары көрсөткөн абалда болуусу керек. Акыл менен философтордун айтуулары боюнча ишенүү ыйманга туура келбейт. Туура ыйман ахли сүннөт аалымдары көрсөткөн боюнча жүзөгө ашат. Себеби, алар бул ыйман негиздерин сахабалардан алышкан. Сахабалар Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдан үйрөнүшкөн. Ошондуктан, ахли сүннөт аалымдары билдирген ыйман – Паайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам билдирген ыйман болуп эсептелет.

Ыйман деген эмне?

Ыйман – акыркы пайгамбар Мухаммед алехиссаламдын пайгамбар катары көрсөткөн нерселерин акыл, тажрыйба жана философияга таянбастан кабыл кылып, аларга ишенүү жана ыйман келтирүү дегенди билдирет. Акыл пайгамбар тарабынан билдирилген нерселерди туура деп эсептей турган болсо, бул толук жетилген акыл болуп саналат.

Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын пайгамбар катары билдирген буйруктарына ишенбөө же шектенүү – куфур болуп эсептелет. Б.а., бул-Ислам динине ишенбегендикке жатат. Мындай адам “кафир” (капыр) деп аталат.

Ыйман – бул Курани каримде жана хадис экендиги так белгилүү болгон хадиси шарифтерде анык көрсөтүлгөн нерселерге толук ишенүү. Буларга ишенген адамдар “момун” жана “мусулман” деп аталат. Алар Мухаммед алейхиссаламдын үммөтү болуп эсептелет. Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнүн ичинде туура жолду карманган, Пайгамбар билдиргендей ыйман келтирген жалгыз бир топ бар, ал “ахли суннат вал жамаат” тобу. Мусулмандар жетимиш үч топко бөлүнөт. Алардын жетимиш экиси туура жолдон тайып “Бидат фыркасы” болгон, ал эми жалгыз бир гана топ туура жолду карманган. Ошол туура жолдогу топ “ахли суннат вал жамаат” тобу деп аталды. Бул тууралуу пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам хадиси шарифте мындайча билдирет: “Исраил уулдары жетимиш бир топко бөлүнөт, алардын жетимиши Тозокко барып, бирөө гана кутулат. Христиандар да жетимиш эки топко бөлүнөт. Алардын жетимиш бири Тозок отунда күйөт, бирөө кутулат. Бир канча убакыттан кийин менин үммөтүм да жетимиш үч топко бөлүнөт. Анын жетимиш экиси Тозокто күйүп, бирөө гана калат”. Сахабалар Тозоктон кутулган топ кимдер деп сурашканда: “Тозоктон кутулган топ-менин жана сахабаларымдын жолу менен жүргөндөр”, -деп жооп берди. Бул хадис төрт “Сунан” деген китебинде жазылган.

Айбат гезити №53




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru