Айбат » Өзбек Ажы ЧОТОНОВ: “13 балам бар”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Өзбек Ажы ЧОТОНОВ: “13 балам бар”

Өзбек ажы Чотонов- Өзбек ажы, маегибизди сиздин балалыгыңыздан баштасак? Канча бир туугансыз, туугандарыңыз да дин жолундабы?

– Талас жергесинде туулгам, 5 бир тууганбыз, баары намаз окушат. Ата-энем да намаз окушат.

- Канча уул-кызды тарбиялап жатасыздар?

– 13 балам бар. Чоңдору намаз окушат.

- Кыздар, аялдар туурасында көбүрөөк кеп кыласыз. Канткенде таза коом түзө алабыз?

– Кыздарга көбүрөөк басым жасаганым алардын камын көбүрөөк көрүш керек. Кыргызда кызга 40 жерден тыюу дейт. Буларды өзгөчө жакшы тарбиялаш керек, себеби күйөөсү кетирип жибериши мүмкүн, анда кыз батпайт. Баланы болсо кетире албайсың, өзүнүн эле элинде жашайт.

- Илимди жаштарга кантип жеткирсек болот?

– Жаштарды тарбиялаш үчүн кичинесинен баштап бардык балдарыбыз динди тааныш керек. Мектептен баштап дин үйрөтүш керек, Ыйман деген өзү дин деген сөз.

- Ислам динине жамынып алып экстремисттик иштерди кылып жаткан жарандарыбызга эмне дейт элеңиз?

– Экстремизмди жасап жаткан дүйнөнү башкарам деген чоң  өлкөлөрдүн саясаты, ошолор уюштуруп жатат мунун баарын.

-  Исламда аял эркектин ролу, үй-бүлө боюнча эмне деп айтылган?

– Эркек киши башчы, аялы ага моюн сунуш керек. Аял үй үчүн, эркек эл үчүн жаралган. Эркек үйдү камсыз кылышы керек, тарбиялаш керек, кийинтиш керек.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №53



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru