Айбат » Икрамидин Айткуловдун сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » Икрамидин Айткуловдун сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

Икрамидин АйткуловАдвокат Икрамидин Айткуловго кол салуу фактысы боюнча кылмыш-жаза кодексинин “Тоноо максатында кол салуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ШИИБ билдирди. Маалыматка ылайык, кылмыш иши жабырлануучуну даргерлер жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которгондон кийин козголгон. “Учурда окуя тууралуу иштер Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмүнө берилди. Эгер Айткулов тергөөчүлөр менен кызматташа турган болсо, иш жакын арада бүтөт”,- деп мекемеден билдиришти. Андан сырткары ШИИБдин билдиргенине ылайык, башында адвокат тергөөчүлөр менен кызматташуудан баш тартып жаткан, бирок алар адвокатты ишендиришкенден кийин ал макул болгон. Белгилей кетсек, 13-ноябрда Икрамидин Айткулов өз үйүнүн жанында катуу сабалган болчу.

Айбат гезити №53



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru