Айбат » Жалал-Абадда жоголгон 3 жашар бала 1 күн өткөн соң жайыттан табылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жалал-Абадда жоголгон 3 жашар бала 1 күн өткөн соң жайыттан табылды

1 Үстүбүздөгү жылы 11-ноябрь күнү Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарына жакына Сары-Камыш айылында саат 11:00 чамасында 3 жаштагы бала дайынсыз жоголуп, бир сутка өткөн соң табылды. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, баланын жоголгондугу тууралуу анын атасынан арыз келип түшкөн. Баланы издөө иштерине Ноокен РИИБынын жеке курамы, өспүрүмдөр менен иш алып баруучу аймактык тескөөчүлөр тартылган. Жоголгон 3 жаштагы бала 12-ноябрь күнү саат 18:00дө айылдан 10 км алыстыктагы жайыттан табылган. Аталган бала арчанын түбүндө уктап калган. 13-ноябрь күнү баланы ата-энесине тапшырышты. Учурда баланын ден-соолугу канааттандырарлык. Бала дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Айбат гезити №53



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru