Айбат » Мас абалында энеси өз баласын бычак менен сайып салган

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Мас абалында энеси өз баласын бычак менен сайып салган

бычакЫсык-Ата РИИБнин милиция кызматкерлери 32 жаштагы баласынын денесине оор залал келтирди деп шектелген 51 жаштагы энесин кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, 13-ноябрда саат 16:20лар чамасында райондук ооруканага көкүрөгүнө бычак сайылып жараат алган адам түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып фактынын ачыкташты. Бул боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (денеге оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 51 жаштагы У.Надежда аттуу Кант шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя болгон күнү жабырлануучунун 51 жаштагы энеси мас абалында болгон. Эне-баланын ортосунда уруш чыгып, энеси баласын бычак менен сайып жиберген. Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүүдө.

Айбат гезити №53




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru