Айбат » Бишкекте 23 жаштагы эне өз балдарын белгисиз нерсе менен кескилеп салган

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бишкекте 23 жаштагы эне өз балдарын белгисиз нерсе менен кескилеп салган

операция13-ноябрда саат 01:00дө Бишкек шаарынын Ленин РИИБне №4 шаардык ооруканадан 23 жаштагы Х.Дильдоранын билеги эки жагынан тең кесилген жаракат диагнозу менен мас абалында реанимация бөлүмүндө жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Бул окуя боюнча Ленин РИИБнин ыкчам-тергөө тобу барышканда, Х.Дильдора 24 жаштагы күйөөсү Х.Шахрух менен уруша кетип, эки баласын алып, алар жашаган 12-кичи райондон «Жал-Артист» кичи районуна барып, белгисиз каражат менен өзүн жана балдарын ургулай баштаган. Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө, Х.Д.нын 1 жаштагы эркек баласы оң кырк муун жагында кескиленип жаракат алган диагнозу менен Улуттук оокуканага жаткырылгандыгы аныкталды. Аты-жөнү такталбаган 3 жаштагы экинчи кызы 3-даражадагы геморрой шогу (кан жоготуу), эки билегинин астыңкы бөлүгү кескиленип жаракат алган диагнозу менен №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Ошондой эле, Х.Дильдора республикалык психиатриялык оорукананын Жалал-Абад облустук ооруканасында каттоодо тугандыгы белгилүү болду. Учурда, Х.Д. Бишкек шаарынын психоневрологиялык диспансерине текшерүүгө жиберилди, дарт аты такталууда. Жабырланган балдарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлдү, азар абалдары туруктуу. Ленин РИИБдин тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгоо жөнүндө маселени карап жатышат, ошондой эле бардык кырдаалды тактоо үчүн күйөөсү жана Х.Дильдоранын туугандары суракка чакырылды.

Катуу жинденип, өзүнөн чыгып кеткен аял балдарын жана өзүн бритва менен кескилеп салган.  Апасы тарабынан бритва менен кескиленген балдарга операция жасалды. Бул тууралуу дарыгерлер билдирди. Маалыматка ылайык, 12-ноябрда “Жал” кичи районунун тургуну болжол менен саат 21-00дө өзүнө жана балдарына оор жаракат келтирген. Аларды ооруканага капысынан байкап калган кишилер алып келишкен. Балдардын абалын дарыгерлер туруктуу деп баалашууда. Өзгөчө 3 жаштагы бала оор жаракат алган. Аны куткарып калуу үчүн жасалган операция 6 саатка созулган. Эки бала тең көп кан жоготкондуктан кайта жандандыруу бөлүмүнө жаткарылган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 23 жаштагы аял катуу жинденип, өзүнөн чыгып кеткен. Ал “Народный” супермаркетинен бритва алып, өзүн жана балдарын кескилеп салган.

Айбат гезити №53




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru