Айбат » 5000 сомдук улуттук валютаны жасоо боюнча 4 факты катталды, – улуттук банктын эксперти

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » 5000 сомдук улуттук валютаны жасоо боюнча 4 факты катталды, – улуттук банктын эксперти

5000 сом

Ушул жылдын 9 айында КРда 89 жасалма банкнот улуттук валютада жасалып, анын жапы суммасы 55 миң 260 сомду түздү. Бул тууралуу КР улуттук банктын эксперттик бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Эмил Курманалиев 13-ноябрда пресс-тур учурунда билдирди.

Анын айтымында, жасалма акча жасагандар арасында адаттагыдай эле 3-сериядагы орто жана жогорку номиналдагы банкноттор жасалууда. «100, 200, 500 жана 1000 сомдук акчалар көп жасалганы байкалды», – дейт ал. Ал билдиргендей, жасалма банкноттор өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кездешет, бирок, Нарын, Талас жана Баткен облустарында мындай фактылар катталган жок. «Жасалма акчалардын көпчүлүгү Бишкек шаарында кездешип, жасалма акчага байланышкан 82 окуя катталды. Ош облусу менен Ысык-Көл облустарында үч ирет кездешсе, Жалал-Абадда жасалма акча менен бир окуя катталды», – деди Э.Курманалиев. Маалыматка таянсак, үстүбүздөгү жылдын 9 айында 5000 сомдук улуттук валютаны жасоо боюнча 4 факты катталса, 1000 сомдук — 18 факты, 500 сомдук — 22 факты, 200 сомдук — 12 факты, 100 сомдук — 19 факты, 50 сомдук — 7 факты, 20 сомдук 5 факты болсо, 10 сомдук акчаны жасоонун 1 учуру катталды.

Айбат гезити №53




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru