Айбат » “Шереметьевода” тонолгон кыргызстандык криминалга байланышы бар деп шектелүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » “Шереметьевода” тонолгон кыргызстандык криминалга байланышы бар деп шектелүүдө

аэропорт ШереметьевоОрусиянын укук коргоо органдары 13-ноябрда “Шереметьево” аэропортунан кыргызстандык жарандан тартылып алынган 1,6 млн долларынын төркүнүн териштирүүдө. Бул тууралуу Лента.ру сайты “Комсомольская правда” гезитине шилтеме берип жазып чыкты. Гезиттин булагынын берген маалыматына ылайык, 39 жаштагы жабыр тартуучу аталган каражат Москва шаарынан батир сатып алуу үчүн керектеле турганын айткан. Бирок, күч түзүмдөрү 11-ноябрда Ош шаарында болгон тоноо ишине тиешеси бар болушу мүмкүн деп шек санашууда. Бул күнү кылмышкерлер Ош аэропортунан чыгып келе жаткан жүргүнчүнү атып, анын сумкасындагы 4,5 млн долларды уурдап кетишкен. Алдын ала маалыматтарга ылайык, бул каражат баңгизатын сатуудан түшүшү мүмкүн.

Айбат гезити №53




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru