Айбат » “Мисс Азия Сибирь – 2013” сынагында биздин кыз экинчи орунга ээ болду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Мисс Азия Сибирь – 2013” сынагында биздин кыз экинчи орунга ээ болду

Мисс Гульноза Усмонова

10-ноябрда Красноярскда “Мисс Азия Сибирь – 2013” сынагы болуп ага Бурятия, Тува, Хакасия, Якутия,  Башкирия, Казахстан жана биздин өлкөдөн баш-аягы 16 конкурсант кыз катышышкан. Бул жолу аталган конкурска Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 19 жаштагы Гульноза Усмонова жана 21 жаштагы Элнура Дайырбекова аттуу сулуулар катышышкан. Катышуучулар биринчи өздөрүн тааныштырып, бийлеп өздөрүнүн жасап келген улуттук тамактары жана каада-салты менен тааныштырышкан. Бул сынактын негизги максаты чыгыш айымдары бир үй-бүлөнүн очогун өчүрбөгөн, каада-салтты билип, ийменген келин болууга жаш кыздарды тартуу болуп эсептелет. Сынакта биздин Гульноза Усмонова аттуу кызыбыз экинчи орунга ээ болуп өлкөнүн намысын коргой алды. Ал эми биринчи орунду Людмила Попова аттуу Якутиялык кыз алды.

Айбат гезити №53



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru