Айбат » Жапайы бугулар колдо багылгандарын кошо ээрчите кеткен

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Жапайы бугулар колдо багылгандарын кошо ээрчите кеткен

Бугу

Якутияда жапайы бугулар аймактын башка жагына жер которуп баратып, өздөрү менен кошо колдо багылган бир нече совхоздордун бугуларын да кошо ээрчите кеткен.

Оленекск районунун администрациясынын өкүлүнүн айтымында, жапайы бугулар бул сапар жолун өзгөртүп, үй жаныбарлары кармалган аймактан чуркап өтүшкөн. “Беркилер чуркаса, алар менен кошо биздин 1000ге жакын бугулар кошо кетиптир”, -деп айтты ал.

Азыр кошо кеткен бугуларды тик учуктардын жардамы менен издеп жатышат. Бийлик бул иштер үчүн 1 млн рубль каражат бөлүүгө туура келген. Эгерде аларды чарбага кайра кайтара алышпаса, тиричиликтин өзөгү болгон бугучулук болуп көрбөгөндөй чыгым тартат. Маалыматты РИА Новости таратты.

Айбат гезити №53




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru