Айбат » Сириялык күрддөр убактылуу өкмөт түзгөндүгүн жарыя кылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » Сириялык күрддөр убактылуу өкмөт түзгөндүгүн жарыя кылды

курдыСириянын түндүк-чыгышында жайгашкан күрддөр убактылуу өкмөттү түзгөндүгүн жарыя кылышты деп билдирди Франс Пресс.

Билдирүү күрддөрдүн бириккен топтору жихадисттерден бир топ жерлерди тартып алгандан кийин жасалган. Мындан мурда убактылуу өкмөттү оппозициялык жана революциялык күчтөрдүн Сириялык улуттук Коалициясы түзгөндүгү да маалымдалган.

Күрддөр Сирия калкынын 10ын түзүп, 23 миллионго чамалап барат. Алардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн түндүк-батышында, негизги мунай кендери жайгашкан, Түркия менен чектешкен райондордо жашайт.

Бир топ жылдар бою алар Дамаскты күрд кыймылын басынткан саясат жүргүзүп келет деп күнөөлөп келишет. Бирок, 2011-жылдын мартынан бери оппозиция менен Башар Асаддын режиминин каршылыктарына дээрлик катышкан жок. Сириялык армия өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Хасеке менен Камышлы деп аталган ири шаарларынан башка аймактарын калтырып чыгып кетти. Ошентип, регион өзүн-өзү башкаруу органдарын түзгөн күрддөрдөн көзөмөлүнө өттү деген маалыматы таратты РИА Новости.

Айбат гезити №53




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru