Айбат » Мугалим үстөл менен кошо келген 100 миңди ээсине кайтарып берди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Мугалим үстөл менен кошо келген 100 миңди ээсине кайтарып берди

долларАКШнын Коннектикут штатында жашаган Раввин Ноа Мурофф башкаларга үлгү боло турган ишти жасаган. Ал интернеттен сатып алган үстөлдүн үйүнө киргизе албай убара болуп, айласыздан анын буроолорун чечип ажыратып, анан киргизгенге аргасыз болгон. Үстөлдүн тартмасын сууруп жатып, ар кандай кагаздар менен кошо чакан-чакан кылып таңылган 98 миң доллар таап алат. Бул туурасында ИТАР-ТАСС жазды.

“Мен дароо эле аялымды чакырдым. Экөөбүз саамга бири-бирибизди карап калдык да, акчаны ээсине тапшырыш керектигин түшүндүк”, -деп айтып берген Нью-Хейвен шаарынын мугалими Раввин Ноа Мурофф.

Үйдүн ээси ошол замат үстөлүн 150 долларга саткан аялга чалып, табылган акча жөнүндө билдирген. “Ал таңгалгандыктан апкаарып, алгач сүйлөй албай да калды. Акча ага мурас катары калыптыр, бул чоң сумманы тартмага катып, ошол бойдон таптакыр унутуптур”, -деп баяндап берген мугалим.

Эртеси күйөөсү менен аялы төрт баласын ээрчитип алып, акчаны ээсине жеткирип беришкен.

Айбат гезити №53




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Анара:

    эээээх ушуну мен таап алганда :D

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru