Айбат » Обаманын телефон менен сүйлөшүүлөрү атайын чатырлар аркылуу корголот

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Обаманын телефон менен сүйлөшүүлөрү атайын чатырлар аркылуу корголот

Обама телефонОбама чет өлкөгө чыкканда анын телефон менен сүйлөшүүлөрү башкалар тарабынан тыңшалбашы үчүн атайын жасалган чатырдын ичинде сүйлөшөт. АКШнын президенти Барак Обаманын чет өлкөгө жасаган иш сапарлары учурунда башка мамлекеттин атайын кызматтары анын телефон менен сүйлөшүүлөрүн тыңшабашы үчүн атайын чатыр колдонулат. “New York Times” газетасынын берген маалыматына ылайык, Обаманын чет өлкөгө болгон сапары учурунда, ал кала турчу мейманканадагы номерге атайын чатыр тигилет жана Обама маанилүү делген телефон сүйлөшүүлөрүн ушул чатырдын ичине кирип сүйлөшөт. Чатырдын материалдары тыштан келе турган электрондук толкундарды тозуп, тыңшоого мүмкүндүк бербейт. Ошондой эле камерага тартууга да мүмкүн эмес. Өзгөчө, чатырдын ичинен тыңшоого жолтоо боло турчу айрым үндөр чыгарылып турат. Буга чейин Обама маанилүү телефон сүйлөшүүлөрүн атайын коргоого алынган телефон аркылуу сүйлөшчү.

New York Times гезитинин башка маалыматына ылайык, эми АКШнын жогорку кызматында иштеген адамдардын чет өлкөгө жасаган иш сапары учурундагы маанилүү телефон сүйлөшүүлөрү да атайын жабдыктын жардамы менен коргоого алынат. Ошондой эле аскер тармагында иштеген жогорку кызмат адамдары да ушундай эле коргоого алынат. Андан сырткары бул кишилердин үйлөрүндө тыңшоого мүмкүн болбогон чакан бөлмөлөр да жасалат.

Айбат гезити №53




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru