Айбат » Мугалим 8 жашар окуучуну тиштеп алган

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » Мугалим 8 жашар окуучуну тиштеп алган

окуучулар

Украин тили сабагы учурунда жабыр тарткан кичинекей мектеп окуучусуна кутурма оорусу боюнча текшерүүдөн өтүүгө туура келди. Украинанын областтарынын бириндеги Барбово айылындагы мектепте иштеген 50 жаштагы класс жетекчиси сабак учурунда 8 жашар окуучусунун билегинен тиштеп алган. Окуя класста украин тили сабагы жүрүп жаткан учурда болгон. Жат жазууну аягына чейин жазып бүтө албай калган окуучуну ушинтип жазалагысы келген. Тиштеп алган кыздын билегинде көгөргөн так калган. Бактыга жараша, текшере келгенде кутурма чыккан жок. Мектепти таңгалдырган бул чыр боюнча милиция иш алып барууда. Тиштээк эжеке үчүн мектеп жамааты жана директор кечирим сурап, кыздын ата-энесин милицияга берген арызды кайра алууну, чырды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууну сурап жатышат деп билдирди Мукачево.net.

Айбат гезити №53



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru