Айбат » Депутатка ак үй ичинде дагы курал керекпи?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Депутатка ак үй ичинде дагы курал керекпи?

депутат пистолетЖогорку Кеңеш, депутаттар парламент ичинде курал алып жүрө алабы деген маселени кызуу талкуулашууда. Бир катар айым депутаттар, мырза эл өкүлдөрү кызуу кандуулукка алдырганда алардын жанындагы куралдан ок чыгып кетпейби деп чочулап, ак үй ичинде курал алып жүрүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун даярдаган.

 Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 120 депутаттын элүү сегизинде ок атуучу курал-жарактын ар кандай түрү катталган. Кызыгы бир эле депутаттын өзүндө 15 курал катталса, төрт айым депутатта тапанча бар экен.

Азыр депутаттар парламент имаратына эч тоскоолдуксуз эле ок атуучу курал алып кире алышат. Бирок ар кандай талаш маселеде, депутаттар колундагы куралын колдонуп, ок жаңылышы мүмкүн деген кооптонуулар айтылууда. Демилгечи депутаттардын бири Ирина Карамушкина:

“Кээде керек болсо жыйындар залындагы абал дагы көзөмөлдөн чыгып кеткен учурлар болот. Депутаттар өзүн өзү кармай албай кызуу кандуулукка алдырганда колундагы куралын кандай колдонуп иет деп чоочулайм. “Курал бул жөн эле көркөмдүк үчүн эмес, андан эртеби кечби ок чыгат”, деген сөз бар го. Анын үстүнө биздин депутаттар кимден коркот? Парламент ансыз дагы кайтарылган жай!”.

Жанына курал алып, жан сакчы жалдаган депутаттар аз эмес. Парламенттин мурдагы төрагасы брондолгон унаа тээп, жанында ондогон жан сакчыларды алып жүргөнүнөн улам укук коргоочулардын сынына кабылган.

“Эл өкүлдөрү өзүн элден коргойбу же корко турган башка себептери барбы?” деп суроо салгандар дагы жок эмес.

“Бул эми бир жагынан орусча айтканда “понт”. Анан экинчи жагынан корко турган жөндөрү дагы болсо керек. Эгер ак иштеп, таза жүрсөң, криминал менен аралашпасаң эмнеден коркот элең..?”- дейт депутат Өмүрбек Абдрахманов

Азыр Жогорку Кеңештин имаратында депутаттардын курал алып журүүсүнө мыйзам тыюу салбайт. Андыктан тапанчасын жаңына алып жүргөндөрү дагы бар. Мисалга, мурдагы депутат Ташиев менен депутат Сулаймановдун мушташынан кийин, Жогорку Кеңештин имаратынан 1 автомат, 10 тапанча алынганын Улуттук коопсуздук кызматы билдирген эле.

Би-Би-Си кыргыз кызматы

Айбат гезити №53




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru