Айбат » Корей инвестору кыргыз өкмөтүн 23 миллион доллар доого жыкты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Корей инвестору кыргыз өкмөтүн 23 миллион доллар доого жыкты

1

Москванын соода-өндүрүш палатасынын алдындагы арбитраждык сот кореялык инвестордун кыргыз өкмөтүнө койгон дооматтарын канааттандырып, инвесторго келтирилген чыгымдар үчүн 23 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирди.

 1997-жылы Кыргызстанда катталган “Эркин экономикалык аймагын өнүктүрүү боюнча Борбор Азия корпорациясы”, кыргыз өкмөтү тарабынан түзүлгөн “Бишкек” эркин экономикалык аймагы” (СЭЗ “Бишкек”) менен келишим түзүп, СЭЗ “Бишкекке” таандык 23 гектар жерди 93 жылга ижарага алган. Бирок 2012-жылы ижарага берилген жердин 6 гектарын СЭЗ Бишкек негизсиз эле тартып алып, ага улай эле келишимдерди бир тараптуу бузуп, мыйзамсыз аракетке барды деп инвестор арча сотко арыз берген.

Корея инвесторунун адвокаты Игорь Зенкин соттун чечими эмнеге негизделгенин төмөнкүчө түшүндүргөн: “СЭЗ “Бишкектин” генералдык дирекциясынын келишимди бир тараптуу бузуп, андагы өз милдеттерин аткаруудан баш тартуусу мыйзамсыз аракет болгон. Анткени келишим эки тараптын макулдугу менен же соттун чечими менен гана бузулат деп жазылган. Буга арбитраждык сот макул болду”.

Бул мүлктүк талаш – корей инвестору менен СЭЗ Бишкектин ортосунда болгон. Бирок инвестор жеке мүлктү коргой албайт деп кыргыз өкмөтүнө доо койгон. “Бир чиновниктин, керек болсо чиновник эмес чарбалык эле уюмдун башчысынын акылга сыйбаган аракетти өкмөттү кыйчалыш абалга такап койду. Анын мыйзамсыз чечиминин айынан өкмөт корей инвесторуна 23 миллион доллар төлөп бериши керек болуп калды. Бизде көп жетекчилердин укуктук билими төмөн, анан алар көп учурда электоратка жагабыз деп саясий чечимдерди кабыл алып жатат. Кесепетинде инвестордун укугу бузулат, анан укугу бузулган инвестор адилеттик издеп сотко кайрылат да”, – дейт Кыргызстандын премьер-министринин кеңешчиси Олег Панкратов.

Кыргыз өкмөтүнө карата инвесторлордун дооматы күч алуудабы?

Бул кыргыз өкмөтүнө карата доомат койгон инвесторлордун алгачкысы дагы, акыркысы дагы эмес. Ушу тапта кен иштеткен эки компания өкмөттү сотко бергени белгилүү. “Биринчиден мунун баары чет элдик инвесторлорго чоң чакырык болууда, талаштуу жагдайларды Кыргызстандын ичинде чечүүгө болбойт, эл аралык арбитражга кайрылыш керек деген. Экинчиден мындай көрүнүштөр ишенимдүү инвесторлорду качырат. Эгер ушул жол менен кете берсек бизге туруктуу өнүгүү жолундагы инвестор келбейт, жалаң эле алтын казып батыраак акча табайын деген шылуундар келбесе”.

Ал алдыда дагы көп соттук териштирүүлөр болушу ыктымал экенин кошумчалайт.

“Албетте баардык иштерде эле инвесторлордун койгон дооматтары орундуу деп айтууга болбойт. Айрымдары өкмөттүк өкүлдөргө пара берип, ар кандай мыйзамсыз жолдор менен лицензияларды алышкан, айрыкча кен тармагында. Буларды азыр өкмөт кайра кайтарууга аракет кылып жатат жана бул адилеттүү аракеттер. Бирок коррупциянын болгонун арбитраждык сотто далилдөө кыйын”, – деди өкмөт башчынын кеңешчиси Панкратов Би-Би-Сиге берген интервьюсунда.

Мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров Кыргызстан инвесторлордун дооматына олуттуу көңүл буруп, керек болсо президент өзү аралашышы керек пикирин айтууда: “Кыргыз өкмөтүнө доомат арткан инвесторлор көп жана анын баарын талдап чыгуу керек. Жок дегенде убакыттан утууга болгон иштер боюнча соттошуп, ал эми утуу мүмкүнчүлүгү чектелүү болгон жагдайларда сүйлөшүүлөргө барып, сотко жеткирбей чечүү аракеттин көрүшү керек”.

Миллиондорду чапчыган дооматтар

Кыргыз өкмөтүн жоопкер болгон соттук териштирүүлөрдүн саны онго чукулдайт. Буга чейин өкмөттү Petrobart Ltd комапиясы атайлап банкротко учуратты деген доомат менен арача сотко берип жеңип алган. Ошондой эле «Пинара» мейманканасынын акционерлери кыргыз өкмөтү инвестицияларды коргой албайт деп доомат арткан жана жеңип алган.

Ал эми Жерүй кен ишеттүүгө лицензия алган Oxus Gold компаниясы өкмөт лицензиясын чакыртып алгандан кийин сотко берип, тараптар тынчытык келишимине келген. Centerra Gold дагы салык маселеси боюнча өкмөттү сотко берип, бирок 2009-жылкы келишим түзүлгөндөн кийин доо арызын чакыртып алган.

Жол курулуш тармагындагы компания кыргыз өкмөтү келишимдеги шарттарды толук сактабайт деп 30 миллион долларга бааланган доо койгон, азырынча чечиле элек.

Belokon компаниясы кыргыз өкмөтү жеке банкты улутташтырганына карат доо коюп, дооматын 50 миллиондон 100 миллион долларга чейин баалган. Бул соттук териштирүү дагы аяктай элек. Ошондой эле BTA Bank рейдерлик басып алуу боюнча кыргыз өкмөтүнө 80 миллион долларлык доомат койгон. Азыр бул иш демилгелөө алдында. Ал эми АУБтун мурдагы ээси Михаил Надель улутташтыруудан келтирилген чыгымдарын 430 миллион долларга баалап, сотко арыз берүүнү демилгелеген.

Эгер бул соттук териштирүүлөр инвесторлордун пайдасына чечиле турган болсо, өкмөт төлөй турган каражаттын жалпы суммасы 700 миллион долларды түзөт. Ал эми инвесторлор Кыргызстандан өндүрүп алган каражаттын көлөмү 12 миллион доллардан ашкан, корей инвесторунун 23 миллион долларга бааланган доосун кошпогондо.

Айбат гезити №53



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru