Айбат » Бакыт БАКЕТАЕВ, саясат таануучу: «Азыр Акаев менен Бакиевдин убагындагы катачылыктарды кайталай турган келесоолор жок»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бакыт БАКЕТАЕВ, саясат таануучу: «Азыр Акаев менен Бакиевдин убагындагы катачылыктарды кайталай турган келесоолор жок»

Бакетаев Бакыт- «Алиби» гезитинин кабарчысы Адилет Айтикеевди кимдир-бирөөлөр сабап кеткендиги белгилүү болгон. Аны ошол замат эле бийликке шылтоолоп чыгышкан. Бирок, көп узабай эле аны сабагандар эч кандай бийликке тиешеси жок жөнөкөй эле балдар экендиги билинип, азыркы тапта сурак беришүүдө. 13-ноябрда адвокат Икрамидин Айткулов белгисиз бирөөлөр тарабынан сабалгандыгы маалым болду. Анын иниси бул окуяны да атайын буйрук деп атап: «Кыргызстанда акыйкаттык үчүн күрөшсөңөр, ушундай болосуңар» деп атат. Булар чын эле саясый буюртмакпы?

– Менин баамымда азыркы тапта «маалымат согушу» жүрүп жатат. Аны эл окуп атат. Анан кимисине ишенээрин билбей баштары катып, эки анжы ойлор жаралууда. 2010-жылдагы апрель революциясынан бери карай эле Алмазбек Атамбаев Акаев менен Бакиевдин убагындагы катачылыктарды айтып келе атат. Өзгөчө саясый буюртмак боюнча. Анан ошолордун бардыгын айтып, ага каршы саясат жүргүзүп жатып, кайра ошол эле катачылыктарды кайталай турган келесоолор бул командада жок. УКМКда да, ИИМде да жок. Андыктан мен бул окуяларды саясый буюртмак дегендерге ишенбейм. Күч органдары иликтесин, изилдесин, анан так маалымат билинет.

- Анда неге муну “саясый” буюртмак катары көрсөтүүгө далалат жасап жатышат?

– Бизде шашкалактаган саясатчылар көп. Ар нерсеге өтө шашылыш баа берип жиберишет. «Поспешишь, людей насмешишь» дейт орустар. Андыктан мындай күнөө коёрдо бир аз салабаттуу болуш зарыл. Убагында Акылбек Жапаров койлорго паспорт бериш керек дегенде кандай шылдыңдап жатып калдык эле? Ошол убакта койлордун паспорту болгону 2 центтен айланмак экен. Азыр болсо 10 долларга бааланып калыптыр. 100 эсе кымбат болуп атабы? Эгерде ошол маалда койлорго паспорт алып койгондо, бүгүнкү күндө биз койдун этин чет мамлекеттерге кымбат баада сата алмакпыз.

- Мындай окуяны Бакиевдин убагындагы саясый буюртмаларга салыштыргандарга кандай карайсыз?

– Шашкалактаган саясатчылар адегенде эле ошону колдонушту. Албетте азыр деле Акаев, Бакиев доорунда иштегендер көп. Бирок, президент жана саясат башка. Андыктан салыштырууга мүмкүн эмес.

Айбат гезити №53



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru