Айбат » Чүчкүрсөк деле бийликке шылтай беребизби

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Чүчкүрсөк деле бийликке шылтай беребизби

Айтикеев АдилетАкыркы мезгилде чүчкүргөнүбүздү деле бийликке шылтамайды модага айландырып алдык. Бири-бирин жөөлөшүп кеткендер, бири-бирин акшыя карап койгону үчүн деле бийлик күнөөлүү.

Мисалы, «Алиби» гезитинин журналисти Адилет Айтикеев өткөндө май куюучу жайдан токмок жегенин бийликке оодара салып, саясый упай топтогусу келди эле, анын кесиптештери ошол замат ордуна коюп, анын сайраган кызыл тилинин айынан сабалганын жар салышты. Кийинчерээк Айтикеев дагы бул жерде саясый буюртмак же бийликтин катыштыгы жоктугун, кезек күтүүдөн улам ушундай жаңжал чыкканын билдирди. Учурда журналистти сабагандар кармалып, сурак берүүдө. Соңку маалыматка караганда, бул окуяда саясат жоктугу далилденди. А.Айтикеевдин «жосунсуз жоругу» сууй электе 13-ноябрда кезектеги чуулгандуу окуя катталды.

Бир катар саясатчылардын жактоочусу болуп жүргөн Икрамидин Айткуловду кечинде үйүнүн жанынан сабап, бутун сындырып кетишкени кабарланды. Муну дагы айрымдар саясатташтырып: «Буга бийлик күнөөлүү» дегендей «жыландын башын кылтыйтышууда». Биринчиден, бүгүнкү бийлик демократиялык принциптерди бекем карманып, сөз эркиндигинин түптөлүшүнө, коомдук коопсуздукту сактоонун үстүндө иш алып барууда. Мисалы, кылмыш чөйрөсүнө ачылган «согуш» – ириде жарандардын коопсуздугун сактоого багытталганы талашсыз. Анын үстүнө, чуулгандуу окуяларга адвокаттык кылган Айткуловду сабатуу утуш алып келбесин бийлик эң жакшы түшүнөт.

Экинчиден, убагында Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев атаандаштарын сындырууда ушундай методду колдонгонун аны жакындан тааныгандар айтышууда. Алардын пикирине таянсак, Ж.Бакиев бийликке каршы чыккандардын эки бутун сындыруу методун колдончу экен. И.Айткуловдун сабалышында да ушундай ыкманын колдонгону кызык. Демек, муну атайылап жасалган иш десек жаңылышпайбызбы? Себеби: «Мына көрдүңөрбү, азыркы бийлик дагы өткөн режимдин жолоюна түштү. Адамдарды сындыра баштады» деп доомат артканга жакшы эмеспи? Муну бийликке жетсем дегенде ак эткенден так эткен, бийлик үчүн өлкөсүн жардан алыс ыргытуудан да кайра тартпаган саясый күчтөр жасарын божомолдосок болот.

Ошон үчүн, күч түзүмдөрү бул окуяны тыкыр иликтеп, күнөөлүүлөрдү табышы керек. Ошондо И.Айткуловдун ур-токмокко алынышы Ак үй же Көк үйдүн кызыкчылыгындагы иш эмес экендиги аныкталат. Эгер окуяны уюштургандар жана сабагандар кармалбаса, бул өнөкөткө айланып, ушундай окуяларды бийликке шылтамай салтка айланбасына эч ким кепилдик бере албайт.

«comment.kg» сайтынын журналисти Кирилл Степанюк да белгисиз бирөөлөр тарабынан токмокко алынганын уктук. «Йе кудай, бул эки журналист анчалыкка баргыдай, кайсы ажыдаардын куйругун басты экен? » дегичекти болбой муну анын ишмердүүлүгүнө байланыштырган маалыматтар тарап кетти. Өздөрү да «атайын кызматтардын кылыгы» таризинде социалдык тармактарга балпайта эле жазып жатышты.  Степанюк 1986-жылы туулган Наталя К. аттуу келин менен «ойноп» жүргөнүн анын оор жүк ташуучу авто унаа айдаган эри К.Е. билип калып, алгач колуктусун сабайт. Андан соң достору менен келип, аялынын көңүлдөшү болгон Кирилл Степанюкту да токмоктошуптур. Эми бул дагы өзүнүн  токмок жегенин ишмердүүлүгүнө байланыштыра калганына күлкүң келет. Туура, эгерде чыны менен журналисттик ишмердүүлүгүнүн натыйжасында ур-токмокко алынып, бут тозууларга, коркутууларга тушукса андай күйүп бышып, ар тараптан колдоо көрсөтүүгө ашыгат элек. Чүчкүрсө эле бийликке шылтай бергенибиз болбойт го, эми…

Айбат гезити №53




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru