Айбат » «Кумтөрдүн» экономикабызга тийгизген дагы бир таасири

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » «Кумтөрдүн» экономикабызга тийгизген дагы бир таасири

Кумтөр«Кумтөр» ишканасынын Кыргызстандын экономикасы үчүн канчалык деңгээлде маанилүү экендигин, эбегейсиз чоң ролду ойной тургандыгын Улуттук статистика комитети дагы тастыктады. Маселен, 2013-жылдын январь айынан тарта октябрь айына чейинки эсептөөлөр боюнча өлкө ичиндеги ишканалар тарабынан 114 миллиард 632, 6 миллион сомдук өнөр-жай продукциялары өндүрүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул маалындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 30,9 пайызга көптүк кылат. Албетте, өнөр-жай өндүрүшү алдыга карай жылганы өлкөбүздүн экономикасы үчүн өтө чоң салым экендиги талашсыз. Ал эми дал ушул 31 пайызга жакын өсүштүн 30 пайызын жалгыз гана «Кумтөр» ишканасы түзө тургандыгын дагы Улуттук статистика комитети билдирди. Демек, бул ишкананы өзүнчө бөлүп коё турган болсок, андан башка ишканалардын бардыгы биригип келип, болгону 0,1 пайыздык гана гана өсүшкө жетишкендиги билинет. Тактап айтканда үстүбүздөгү жылдын октябрь айына чейинки эсептөөлөр боюнча өндүрүлгөн өнөр-жай продукцияларынын баасы «Кумтөрдөн» тышкары 67 миллиард 977,4 миллион сомду гана түзөт. Демек, жалгыз гана «Кумтөрдөн» өндүрүлгөн продукция 47 миллиарддын тегерегинде болсо, калган компаниялардын бардыгы биригип болгон 67 миллиард сомдук өндүрүш жасоодо. Бул Кыргызстандын жалпы өнөр-жайынын 40 пайызын жалгыз гана «Кумтөр» өзү камсыз кылып келет дегенди түшүндүрөт. Мына ушул конкреттүү цифралар учурда «Кумтөр» маселесин түрдүү себептерден улам саясый куралга айлантып алышкан саясатчыларды бир ойго сала алар бекен? Болбосо, убагында «Кумтөр» маселесин үч уктаса түшүндө көрбөгөндөр, өндүрүш ишинен таптакыр түшүнүгү жоктор деле тынч жаткан элди козутуп, «келишимдерди денонсациялоо» өңдүү лозунгдары менен чыгышууда. Эске сала кетсек, «Кумтөр» боюнча түзүлгөн келишимдерди бир тараптуу буза турган болсок, бизди алдыда эл аралык арбитраждык сот күтүп турарын, «Центерранын» бизден бөлөк акционерлеринин бардыгы бизди сотко берерин, андан экономикабыз орду толгус жоготууларга учурарын дасыккан адистер, эксперттер айтып эле келе атышат. Жок эле дегенде экономикабыз 2,5-3 миллиард долларга зыян тартарын эскертишүүдө. Бүгүнкү күндөгү 3 миллиард доллар тышкы карызыбызды эске алганда ага кошумча дагы ошондой эле суммадагы доомат экономикабызга нагыз апаат алып келери турган иш. Бул бир жагы. Экинчи жагынан жогоруда көрсөтүлгөндөй «Кумтөр» ишканасы мамлекетибиздин жалпы өнөр-жайынын 40 пайызын жалгыз өзү түзүп турса, анан ал бир эле күндө ишин токтотсо, экономикабызга экинчи жагынан катуу сокку урулбайбы? Тышкы карыз, «Центерранын» тышкы карызыбыздын көлөмүндөй эле дооматы жана ага кошулуп, «Кумтөр» ишканасынын токтошу, андан келүүчү кирешелердин кирбей калышы, үч миңден ашуун мекендештерибиздин жумушсуз калышы, анан дагы «Кумтөрдүн» эсебинен жашап жаткан 700дөн ашуун кичи ишканалардын ишинин токтошу эмне деген апаатты алып келиши мүмкүн? Балким, мына ушул өлкө үчүнөтө коркунучтуу жагдайларды эске алып, «Ата-Мекен» фракциясынын лидери, ЖК депутаты Өмүрбек Чиркешович «Кумтөрдү» улутташтырабыз деген оюнан кайтып калаар. Кантсе дагы мамлекеттин келечегин ойлойм деген саясатчы эмеспи. Андыктан, мындай маанилүү маселе ириде Кыргызстандын кызыкчылыгына жана инвестициялык климатка доо кетирбегендей болуп чечилиши абзел…

Айбат гезити №53



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru