Айбат » Өзүн жаш оппозиционер санаган Кунакунов Жаныш Бакиевге кантип жагалданган?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Өзүн жаш оппозиционер санаган Кунакунов Жаныш Бакиевге кантип жагалданган?

КунакуновӨз элине ок чыгарып, кырчындай жигиттерди кырдырып туруп Минскиге кире качкан Курманбек Бакиевдин «Ак жол» партиясынан депутат болгон Максат Кунакунов жүзүн өзгөртүп, өзүн жаш оппозиционер катары көрсөтүүгө өттү. Албетте, демократиялык коомдо ар кыл пикирлер, сындар айтылып турушу керек. Буга Баш мыйзам жол берет. Бирок, «сынчынын сыңар өтүгү майрык» дегенге Кунакуновго окшогон жигиттердин баскан жолун карап отуруп ынанат экенсиң.

 Мурда коомчулукка аты-жыты белгисиз жүргөн «балакайдын» ысымы 2007-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин чыкты. Максат Кунакунов «Ак жол» партиясынын тизмесине илинип, мандат тагынды. Ошондон тартып президентти, өзгөчө анын иниси Жаныш Бакиевди мактамайга өттү. Бул тууралуу кийинчерээк кеп салалы. Кунакуновдун: «Бийлик талашкан саясатчылар эле бирдемке ойлоп таап ийбесе эле, эл арасында андай ой да жок. Тескерисинче эл азыр бизге, жаңы парламентке арткан үмүтү чоң болуп турат. Биз элдин үмүтүн актаганга талыкпай эмгектенүүгө даярбыз» деген билдирүүсү турмуш жүзүндө акталган жок. Тескерисинче, «ак жолчулар» элдин байлыгын четинен сатылышына кол кабыш кылышканы талашсыз. Мисалы, 2008-жылдын 11-апрелинде кыргыз-казак мамлекеттик чек ара жөнүндөгү келишим парламент элегинен өткөн. Ошол эле күнү Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Казакстанга берүү чечимин депутаттар колдошкон. Алардын арасында Максат мырза дагы бар эле. Мына ушундай «патриоттуулук» менен пансионаттарды кошуналарга тартууланышына добуш берген Кунакуновго эми эмне дейбиз?

Эркин басылмалардын бири М.Кунакуновдун Жаныш Бакиевдин «шестеркасы» катары кызмат өтөгөнүн жазган болчу. Мында чындыктын үлүшү арбындай. Анткени Жаныш Бакиевдин мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчилигине дайындалышын колдогондордун бири ушул Кунакунов болгон. Ошондой эле Улуттук гвардиянын жоюлуп, анын ыйгарым укуктары күзөт кызматына жүктөлүшүн жактап интервью берген. Анын айтымында, мындай чечим өлкөдөгү коопсуздукту жана стратегиялык маанидеги обьектилерди сактоого шарт түзөт. Мындайда «но коммент» дегенден бөлөк арга жок.

Убагында «Ак жолдун» камчы чабары болгон, Жаныш Бакиевге келиндей жүгүнө кызмат өтөгөн, эл байлыктарын бөтөндөргө сатууда колдоп добуш берген  Кунакуновдун учурдагы бийликти сындап, оппозиция терисин жамынганга моралдык укугу барбы? Муну өзүн таразалап көр, замандашым.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №53



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru