Айбат » Кубанычбек Кадыровдун оңтойсуз кадамдары

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кубанычбек Кадыровдун оңтойсуз кадамдары

1Мурдагы ич күптүү болгон Бакиевдердин куйруктары, 2010 – жылы өлкөгө бир топ кайгы салып кеткени эсибизде. Андагы июнь окуясы Апрель революциясына каршы уюштурулган контрреволюция экендигин, анткени контрреволюцияны алгач Бишкектин Маевка айылында баштап, андан майнап чыкпаганда кыргыз менен кыргыздын ортосунда жарандык согуш тутантып, түштүктү Кыргызстандан бөлүп чыгып, өзүнчө республика кылабыз деп кан төккөнүн ким жашырат. Ушундай каргашалуу контрреволюциянын алгачкы учкуну Бишкек шаарындагы Маевка айылында башталганын айттык. Ошондогу ИИМ министри Кубанычбек Кадыров, өзүм билемдикке салып, милициянын курама тобун түзүп, Маевкадагы башаламанды токтотом деп барган. Кыргызда бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун деген жакшы кеп бар. Мурда мындай иштерде тажрыйбасы жок, анысы аз келгенсип билиминин деңгээли да анчалык мындай иштерге жол бербей турганын ошондо далилдеген. Анын жөндөмсүз, туура эмес кадамынан улам, Маевка айылындагы башаламандыкты  токтото албагандыктан улам андан кийинки өлкөдөгү каргашалуу окуяларга жол ачылып кетти.

Андан кийинки Ош окуясы тутанып кетти да, элдин башынан дагы бир кайгы каптап өттү. Оштогу окуяны көрүп, жардамга барам деген кыргыздын эр азаматтары ак үйдүн алдына чогулган. Ошко жеткирүүгө унаа талап кылышып Жогорку Кеңештин алдына чыккан миңге чукул адамдар менен Убактылуу Ички иштер министринин орун басары Кубанычбек Кадыров Оштогу кырдаалды түшүндүрөлүк дегенде бери жакта турган жаалданган жигиттер таш ыргытышып, өз ара чатакташып кетээрин аз калган.  Демек, калк айтса калп айтпайт дегендей, Кубанычбек Кадыровдун оңтойсуз кадамдарын баары эле билишет окшойт.

Бакыт БЕКТУРОВ

Айбат гезити №53



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru