Айбат » Имиш кептер менен тыянак чыгарган акыйкатчы иштеп жарытабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Имиш кептер менен тыянак чыгарган акыйкатчы иштеп жарытабы?

Мадумаров АдаханПарламент залында эси ооп «кулап» түшмөй, көшөкөрлөнүп ачкачылык жарыялап «сулап» жатмай артистиги бар Турсунбек Акунду «кулап» калганына карабай Омбудсмендик кызматтан сүрүп таштап, ордуна Бактыбек Аманбаевдин келгенине көп деле боло элек. Бирок, Бактыбек мырза «чү» деген эле жерден табиятынан Омбудсмендик кызматка таптакыр коошпой тургандыгын көрсөтүп койгонсуду. Ал 11-ноябрда борбор шаарыбызда маалымат жыйынын өткөзүп, өзүнүн Саруу айылына жасаган иш сапарынын жыйынтыгын берем деп болгон деңгээлин көрсөтүп алды. Буга чейин «Кумтөр» маселесин саясый куралга айланткан саясатчылардын көмүскөдөгү «дирижёрлугу» менен Саруу айылында, андан барып Каракол шаарында чуулгандуу, мыйзамдын чегинен тышкары чыккан митингдердин болгонун билебиз. Анда жол тозуулар, өкмөттүн өкүлүн барымтага алуу, өрттөйбүз деп коркутуу, милициянын начальнигине кол көтөрүү өңдүү аракеттер болгон. Жыйынтыгында бир нече митингдин катышуучуларына кылмыш иштери ачылып, күбө катары суракка чакыруулар да болуп атканы маалым. Бирок, Саруу айылына иш сапары менен барган Аманбаев кырдаалды эки өңүттөн карабай, бир эле тарабынан көз салып келгени байкалды. Ал өзүнүн билдирүүсү боюнча жергиликтүү эл менен жолуккан. Алар азыр: «Облус жетекчиси качан куралчан милиция кызматкерлерин, же атайын кызматтын адамдарын алып келип басып калышат» деп коркуп, жарым аскердик абалда жашап жатышыптыр. Муну Омбудсмен мырза өтө чоң олуттуу көйгөйдү таап чыккансып айтып берди. Облус жетекчиси куралдуу аскерлер менен келип басып алгыдай жоокерчилик заманы беле? Анан дагы ал буга чейин болгон нааразычылык акциясына катышкандардын 18ине укук коргоо органдары тарабынан чакыруу кагазы жиберилгенин, эгер алар өз каалоосу менен барышпаса, атайын куралдуу спецназдын балдары басып кирип, күч менен кармап кетээрин айылдыктар айтып берди деп билдирет. Мына ушул себептер саруулуктардын тынчын алып, кооптонуп жашап жатышыптыр. Бул жерде Бактыбек мырза биринчи кезекте жалаң кулагы менен гана уккан маалыматтарды айтып жатат. Ал факты эмес.

Экинчиден, укук коргоо органдары суракка чакырып жатса, барбай койгондорду чекесинен сылап туруш керекпи? Анан дагы Аманбаев өзүнүн алгачкы эле иш-аракетин өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурду багытында баштап алганына тан бербеске болбойт. Ал жалаң имиш кептер менен Ысык-Көл облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым өкүлү Эмилбек Каптагаевге жалаа жаап отурат. Адам укугун коргой турган Акыйкатчы да башка бир адамдын укугун тебелеп сүйлөйбү? Ал ушундай такталбаган билдирүүлөрү менен тынч жаткан элдин бүйүрүн кызытып, козутуп жатканын баамдабай жатабы? Жадагалса бирөөнүн короосундагы чөбү өрттөнүп кетсе дагы ошону Каптагаевден көргүсү келет. Кайрат аттуу жигитти белгисиз бирөөлөр кармап алып, мойнуна сыйыртмак салып муунтушуптур, аны айылдыктар аман алып калыптыр дейт. Бул жерде Каптагаевдин кандай тиешеси бар? Эгерде ошондой окуя болгон болсо, ага кимдер кол салганын, эмне себептен кол салганын тактабайбы? Элдин оозунан уккан имиштер менен эле бийликтин өкүлүнө жалаа жаба бермей Акыйкатчылыкка жатабы? Анан дагы: «Каптагаев эң көп эл жашаган Саруу айылына барып тургундар менен тил табышып, ынтымакка келип, алардын көйгөйлөрүн угуунун ордуна карапайым эл менен эрегишип, өчөшүп, душмандашып, ал айылга соңку бир айда бир да жолу барган эмес» дейт. Кызык, Бактыбек мырза ушул айткандары үчүн жооп бере алат болду бекен? Каптагаевдин саруулуктар менен душмандашып атканын кайдан билет? Же бир ууч топ айтып койсо эле, ошондон тыянак чыгара берсе болобу? Бул тескерисинче саруулуктарды Каптагаевге каршы тукуруп жаткандык эмеспи? Анын үстүнө болуп өткөн митингдерге Саруу айылынын эли жалпы чыккан эмес. Азыноолак гана адамдар чыккан. Анан мыйзамды бузгандар мыйзамдын алдында жооп бербеши керекпи? Укук коргоо органдары чакырса барышы керек. Өз жасаган ишине жараша жоопкерчилигин алышы керек. Тактап айтып кетели, азыркы тапта Саруу айылынын эли Бактыбек мырза айтып жаткандай кооптонуп жашап жаткан жери жок. Бардыгы күнүмдүк тиричиликтери менен алектенип, кадимкидей эле тынчтыкта жашап жатышат.

Ырас, мыйзамды бузган бир ууч топ гана кайда жашынаарын билбей, кыйпычыктап турушат. Анан мыйзамды бузгандардын оозу менен жалпы Саруулуктардын атынан сүйлөй берсе болобу? Баарынан дагы анын: «Каптагаев Акаевдин учурунда Жети-Өгүз районуна аким болуп туруп пара алып, коррупцияга аралашкан деп айтышты» деп оозу-мурду кыйшайбай айтып алды. Бул мыйзам алдында жооп бере турган айыптоо. Эгерде ушул маалымат чындык болсо, факты түрүндө бар болсо гана айтышы керек эле. Эртең: «Бактыбек Аманбаев баланчадан түкүнчө сом пара алыптыр» деп бирөө айтып койсо, ошону чуулдатып жар салып чыксак болобу? Анан дагы Аманбаевдин айтымында соңку бир айдан бери Каптагаевдин Саруу айылына «душмандашып» жатканы үчүн нааразычылыктар токтобой жатыптыр. Демек, анда саруулуктар «Кумтөргө» эмес, Каптагаевге каршы чыгып жатышкан болуп калабы? Анан ал сөзүнүн аягында «эл менен борбордук бийликтин ортосундагы карама-каршылыкты, түшүнбөөчүлүктү күчөткөндүгү үчүн өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди кызматтан четтетүүнү тиешелүү бийлик жетекчилерине жана жалпы коомчулукка жеткирүүнү менден суранышты» дейт. Мына эмесе! Ким чындап эле эл менен бийликтин ортосуна түшүнбөөчүлүк жараткысы келип жатат? Балким өз ишин чала сабат түшүнгөн Омбудсмен болуп жүрбөсүн? Балким дал ушул алгачкы иш сапарынын жыйынтыгын жалаң имиштер менен баяндап берген Омбудсменди кызматтан четтетүү керектир? Ушуну Жогорку Кеңеш ойлонуп көрчүдөй экен…

Айбат гезити №53



Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Анара:

    жыргатпат ушулар!

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru