Айбат » Расул Умбеталиев кырдаалды алган акчасына жараша «анализдейт» дейби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Расул Умбеталиев кырдаалды алган акчасына жараша «анализдейт» дейби?

Умбеталиев РасулТаш ыргытсаң эксперттердин башына тийе турган заман келди. Бул да болсо заманга жараша кесип окшойт. Базарга чыгып жайдын ысыгына какталып, кыштын суугуна кылчылдап картөшкө сатып отурганча, үйүңдө жылуу-жумшак жатып алып, оюуңа келгенди «оттоп» коюп акча тапкан жакшы окшобойбу? Ырас, бул сөзүбүз менен жалпы эксперттердин атын булгабайлы, бирок арасында «иттин уулу Байгара» деле эксперт болуп чыга келсе, таң калбаска чара жок. Мына ушундай «эксперттердин» бири энергетика жаатында коомчулукка акыл үйрөтүп жүргөн Расул Умбеталиев деген бар. Кайсыл жерде энергетика жаатында ийгилик алып келе турган иштер болсо, терс пикирин билдирип чыга калмайы менен аты таанылган. Олуттуу тартып сүйлөп жаткандай болгону менен анын түпкүлүктүү максаты кыргыз элинин кызыкчылыгына таптакыр каршы келип жатканы акырындык менен ачыкка чыга баштагансыды. Ал азыркы тапта өзүнүн «көзү ачыктык» эксперттиги менен өзүнүн гана чөнтөгүн кампайтпастан Кыргызстанды сызга отургузуп, элибизди «тезек» тердирип качып кеткен Данияр Үсөновду да «багып» жатканы ачыкка чыкты. Данияр Үсөнов убагында Бакиевдердин камчысын катыра чапкандардын анабашында турган. Кыргыз элинин жонунан кайыш тилип жатышса да, «экономикабыз көтөрүлүп жатат» дешип, өздөрү байбачадай жашап, карапайым эл кара курсактын айласын таппай калган. Анан элдин нааразычылыгы күчөп, ал бийликти сүрүп чыкканда, эң алдыңкылардан болуп Кыргызстандан качып кеткен. Анын көрөр көзү болгон өмүрлүк жары Динара Исаева да кошо качкандай болду эле, көп узабай «ажыраштым» деген кеби менен Кыргызстанга кайтып келип, «Ата-Журт» партиясынын атынан Жогорку Кеңешке депутат болуп отуруп калган. Азыр «былыгым чыгып калбасын» деген таризде парламенттеги «балык» депутаттардын катарын толуктап келет. Бирок, эски адаттарын дагы деле карматып, кимдир-бирөөлөрдү «крышовать» этип жиберүү аракеттерин таштай элек. Маселен анын жакын тууганы болгон Бек Осмонов «Брок Комур Сервис», «ТТ-Сервис» аттуу ири компанияларды жетектеп келет. Анын бул компанияларынын негизги жумушу – көмүр сатуу менен шуулдануу болуп эсептелет. Андыктан өздөрүнүн бизнесинин ити чөп жеп өйдөлөшү үчүн жолунан чыккан атаандаштарын кандай жол менен болсо дагы белге чаап, жыгып турууну максат кылат. Мына ушул багытта ага «эксперт» чалыш Расул Умбеталиев жардамга келет экен. Умбеталиев көз карандысыз эксперт деп аталганы менен Бек Осмоновдун айткан дегендерин анча-мынча көбүртүп-жабыртып алып коомчулукка жар салып чыга келет экен. Анысы үчүн аз эмес акча алып турарын угуп, эмне дээрибизди билбей турабыз. Маселен, мындан бир топ убакыт мурун «Кулан» көмүрүнө байланыштуу бүтүндөй өлкөнүн кулагын тик тургузган ызы-чууну да дал ушул эксперт чалыш баштагандыгы маалым болду. Ырас Бакиевдин бийлиги кулагандан кийин гана эксперт болуп чыга калган Расул Умбеталиев тажрыйбасы аз болсо да мындай чоң чууну чыгарганы анын элди ишендирүү жагынан алда канча «таланттуу» экендигин көрсөттү. Азыр деле ар нерсени бир айтып, элдин кулагын «ушалоо» менен алек. Анын мындай «талантын» баалап, Бек Осмонов айына кадимкидей эле айлык төлөп, Расул мырзаны аткаминерлердин эле деңгээлинде багып жатыптыр. Ал эле эмес, Алматыда жашырынып жаткан Данияр Үсөновго да ай сайын өз «долясын» салып тураарын эшиттик. Мына эмесе, Бакиевдин убагында билинбеген «талантын» эми гана туюп-билген Умбеталиев кимдердин камчысын чаап жүрөт, ыя? Балким ушундай эксперттердин ишин укук коргоо органдары иликтеп көрөр. Расул мырза Данияр Үсөнов эле эмес, балким Бакиевдердин да камчысын байкатпай чаап келе аткан болушу мүмкүн…

Айбат гезити №53




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru