Айбат » Марат КАЗАКПАЕВ, саясат таануучу: Кыргызстанда коррупциялык маданият калыптанып калган

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Марат КАЗАКПАЕВ, саясат таануучу: Кыргызстанда коррупциялык маданият калыптанып калган

Казакпаев Марат

- Президент Алмазбек Атамбаев бийликтеги саясый жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу тууралуу Жарлыкка кол койду. Өлкө башчынын бул жарлыгы менен алдыга койгон максаттарга жете алабызбы?

– Президенттин бул жарлыгы колдоого аларлык. Кантсе да, коррупцияга каршы күрөшүүнүн жыйынтыктары акыркы кезде билинип жатат. Бирок, биз пара корчулук менен күрөшүүдө кескин кадамдарга барбасак, анын жыйынтыгы эл күткөндөй болбошу мүмкүн. Анткени, элибиздин канына мындай көрүнүш сиңип калган. Тактап айтканда, Кыргызстанда коррупциялык маданият калыптанып калган деп айтсак болот. Ошентсе да, президенттин бул жарлыгы жакшы жышаан.

- Өлкө башчынын бул жарлыгында бир жыл ичинде бийликтин жогорку бутагындагы коррупциянын себептерин аныктап, анын бетин ачуу талабы коюлган экен. Бир жылдын ичинде ушундай ийгиликке жете алабызбы?

– Бир жылдын ичинде коррупциядан арылуу же мамлекеттик мекемелерде аны жок кылуу мүмкүн эмес. Анткени, ал жакта бири-бирине ширелишип калган ири коррупциялык схемалар бар. Мисалы, чет элден келген гранттарды бөлүштүрүү мамлекеттик сатып алуу сыяктуу көрүнүштөрдү айтсак болот. Бирок, ушундай ураандар менен тынымсыз аракеттерди жасай берсек, жыйынтык да чыгат.

Биздин укук коргоо органдары биринчи кезекте ушундай көрүнүштөргө жол берет. Айрыкча, сот системасы. Сотторду тандоо кеңеши реформаны натыйжалуу жүргүзө алган жок. Менин пикиримде бул тармакты кайрадан реформалоо зарыл. Буга чейин сот болуп иштегендердин бирин да сот системасына жолотпош керек. Ал эми алардын ордун толтуруу үчүн өлкөдө юристтер жетиштүү эле.

Айбат гезити №53



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru