Айбат » Бакытбек ЖЕТИГЕНОВ, ЖК депутаты, “Ар-намыс” фракциясы: Сотторду тандоо кеңеши ишенимди актаган жок

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бакытбек ЖЕТИГЕНОВ, ЖК депутаты, “Ар-намыс” фракциясы: Сотторду тандоо кеңеши ишенимди актаган жок

Жетигенов Бакытбек- Бакытбек мырза, бүгүн Сотторду тандоо кеңеши жыйынга чогулганы жатышканы маалым болду. Бул кеңештин буга чейинки ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз? Ишенимди актап жатабы?

– Бул Сотторду тандоо кеңешинин иши боюнча коомчулукта өтө көп сөздөр айтылып жатат. Көпчүлүгү: «Бул кеңеш сотторду акыйкат тандабай жатат, өзүнчө эле бизнеске айлантып алышты» деген кептер айтылууда. Айтор, оң пикирлерге караганда терс пикирлер басымдуу болуп турат. Андыктан мен бул кеңеш ишенимди актай албай жатат деп айтат элем.

- Анда ушундай тандоо кеңешинин кереги барбы?

– Биз башында буларды жакшы ой-тилек менен түзгөнбүз. Тилекке каршы андай болбой калды. Сот системасын оңдошот го деп ойлодук эле. Эч кандай оңдоо болгон жок. Андыктан бул кеңештин мүчөлөрүн кайрадан артка чакыртып алууну карап жатышат. Эгерде алардын ордуна башка таза, акыйкат адамдарды алып келсек, балким бул кеңештин иши оң натыйжа берээр.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №53




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru