Айбат » Депутат Исмаил Исаковдон жаңы ыкма

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Депутат Исмаил Исаковдон жаңы ыкма

Исаков ИсмаилКСДП фракциясынан депутат Исмаил Исаков 13-ноябрда мыйзам долбооруна добуш берүүдө фракция лидери Чыныбай Турсунбеков тарабынан мыйзам бузулгандыгын билдирип ачуу айкырык салып чыкты.

И. Исаковдун айткандарына цитата келтирсек,  бул учурда Ч.Турсунбеков ордунда жок депутаттар үчүн добуш берип койгон. Ал Султанов жана башкалар үчүн баскычты басты. Мыйзамды бузууга ага ким уруксат берди? Балким, президентпи?», – деди депутат, мыйзам долбоорун кайрадан добушка коюуну талап кылуу менен. Буга вице-спикер Төрөбай Зулпукаров (КСДП), тармактык комитеттин корутундусун алуу керектигин белгиледи.

Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Акылбек Султанов 14-ноябрда сессияда, 13-ноябрда өзү үчүн өзү добуш бергенин, ал күнү сессияга катышканын айтып, калпты да чеги менен айтыш керек деп нааразычылыгын билдирди.

Ушул сыяктуу айкырыкка алып келген бу мыйзам долбоору парламент тарабынан мурдараак иштелип чыккан аскердик полиция түзүү жөнүндө мыйзам долбоору болчу. Исмаил Исаковдун мыйзам долбоору жактырылбаса эле ушинтип, ач айкырыкты салуу менен өзүнүн мыйзам долбоорун кабыл алдырууга мажбурлай береби? Муну Исмаил мырзанын жаңы ыкмасы катары бааласак болчудай…

Биздин байкашыбызча И. Исаков КСДПнын фракция жыйынына катышпайт деле. Кесиптештерине таарынса деле же башка себеби болсо деле фракцияда карапайым калктын маанилүү маселелери каралат да. Анда не Исаков мырза катышып пикирин билдирбейт. Же өз мыйзамым үчүн өгүздөй күчүм бар дегениби?

Айбат гезити №53



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru