Айбат » Нарында мекемелерди менчиктештирип алгандар көп

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Нарында мекемелерди менчиктештирип алгандар көп

нарынБиздин облус республикада сарык оорусу боюнча рекорду жараттык. Айрымдары муну биз ооруну көп аныктап жатабыз деп билдиришүүдө. Макул көп аныктап жатабыз. Бирок жыйынтык чыкпай жатпайбы, деди өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков облустук алкакта өткөрүлгөн көп секторлуу комитеттин отурумунда. «Кемчиликтерди моюнубузга албайбыз. Азыр бир мектептин директорун кызматтан алалы десек болду, ар кайсы жактан аны колдоп чыга калышат. Ошондуктан бизде мекемелерди он жылдап менчиктештирип алган жетекчилер бар. Ал эми эл болсо айылдардан келип, дарыгерлерге көрүнө албай жүрүшөт. Жан айласы үчүн ооруган адам дарыгерлерге күнкор болот экен да. Ал эми дарыгерлердин чай ичип олтургандары эмне жалганбы? Демек бизде кадрларды карап чыгууга мезгил келди», – дейт ал.

Облус жетекчинин баамында, кемчилик кетирген жетекчилерге айып сала берүүнүн ордуна алардын кызматтык абалдарын чечүү зарыл. Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дүйшөнбек Дөөткулов айылдык мектептерде медициналык эмчи айымдардын штатын чечүү сунушун келтирди. Ал эми Кочкор райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Медет Жумаев өлкөдө санитардык абал оор кырдаалга кептелгендигин билдирди.

Деги эле ар кандай оорулардын, анын ичинде сарыктын көбөйүшүнө күнөөлүү кылып медиктерди жана билим берүү кызматкерлерди тепкилей бергенден оорулар кескин азайып кетпейт. Бул жалпынын иши болушу керек. «Мисалы, азыр эмне деген гана жапайы базарлар жок. Кытайдан келип жаткан товарлардын сертификаттары белгисиз. Айылдар таза сууга таңсык. Мисалы Кочкор районунда 9 айылда таза суусу жок», – дейт М.Жумаев.

Айбат гезити №53



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru