Айбат » Ошто айыл округдардын биринин башчысы пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » Ошто айыл округдардын биринин башчысы пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү

коррупция13-ноябрь күнү ИИМнин Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында аталган райондун айыл округдарынын биринин башчысы Б.К. аттуу жаран пара алууга шектелип колго түшүрүлдү. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, айыл округунун аты аталган башчысы Ош облусунун жашоочусун мыйзамсыз курулган гаражын сүрдүрүп салууну айтып, пара талап кылган. Пара талап кылуу фактысы Ош облустук ИИБыда катталып, пара алып жаткан жеринен айыл округунун башчысы колго түшүрүлдү. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

 Айбат гезити №53




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru