Айбат » Нарынбек МОЛДОБАЕВ, ЖКнын депутаты: “Өз фракцияларынан бөлүнүп, башка партияга кеткендер шайлоого даярданып жатат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Нарынбек МОЛДОБАЕВ, ЖКнын депутаты: “Өз фракцияларынан бөлүнүп, башка партияга кеткендер шайлоого даярданып жатат”

Молдобаев Нарынбек- Нарынбек мырза, азыркы тапта Жогорку Кеңештеги депутаттар өз фракцияларынан бөлүнүп, башка партияга же өзүнчө партия түзүп алып съездерин өткөрүп жатат. Эмне себептен ушундай кадамдарга барып жатышат?

– Коомчулукта  Жогорку Кеңеш тарайт же Өкмөт кетет деген кептер тарап келүүдө. Менимче ошого байланыштуу эртеңки шайлоого карата даярданып жатышса керек.

- Жогорку Кеңеш тарайбы?

– Жогорку Кеңештин тараганга эч кандай негиз жок. Ал эми өкмөт Кумтөр маселеси боюнча  биздин сунушубузду  23-декабрга  чейин чече албай калса, кетет деген маселени койдук. Анын кетээри деле  чоң суроо. Анткени, биздин коюп жаткан талаптарыбызды чындап эле өкмөт аткара албай калсачы?! Мүмкүн өкмөттүн колунан келбей калаар. Аны да канадалыктар өзүнчө коркутуп атат да. Алар деле ушинтип көрөлү деп тобокелчиликке барып жатышат. Кумтөрдө 700 тонна алтын бар. Ушунча алтынды таштап кете албайт, биздин сунушубузга көнөт деп ойлойм.

- Мисалы, парламентте отурган “Ата-Журт” жана “Республика” фракциясындагы айрым депутаттар өз фракцияларынан бөлүнүп чыгуу менен башка партияларга кетип жатканы маалым. Булар бул партияларга ишенбей калганынан кетиштиби же кандай?

– Сиз айтып жаткан эки партия тең  келээрки шайлоого катышпай койбойт го. Алар бул курам менен болбосо дагы бөлөк курам менен келишсе керек. “Ата-Журт”  фракциясы элдин ишенимине кирип иш алып барганы менен айрым бир жерлерден элдин ишенимин актай албай калды.  Мүмкүн келээрки шайлоодо аталган партиялар менен шайлоодо жеңишке жетээрине көздөрү жетпей жатышса керек.

- Өзүңүз эмне себептен “Ата-Журт” фракциясынан чыгып,  башка партияга кеттиңиз?

– Кичине түшүнбөстүктөр болуп кетти. Бирок, эч качан жамандабайм. Ал эми башка партияга кетип жатканым, мен ал партиянын улагасын аттап мени кошуп алгыла деп барганым жок. Өздөрү чакырып алып, “сенин артыңда жаман пикирлер жок. Туура эмес кадамдарга барган эмессиң, тазасың, дагы да болсо элге иштеп бер” деп кошуп жатышат. Көп эле партия бар эмеспи, ошонун дээрлик көпчүлүгүнөн ушундай сунуштар түштү. Чынын айтсам, ден-соолугума байланыштуу саясатка аралашпай эле коёюн деген оюм бар эле. Бирок, саясат оңой менен кетирбейт экен да. Бийлик тарапта кетип жаткан кемчиликтер оркоюп көрүнүп турат экен. Анан кантип карап тура аласың?! Ошол себептен бийликке келип, элдин таламын талашып, кемчиликтердин азайышына, өлкөнүн өнүгүшүнө келечек муун үчүн иштейин деген бир ойго токтолдум. Мына ушул кезге чейин кандай гана маселе болбосун өз салымымды кошуп келдим деп эсептейм.

- Көпчүлүк депутаттар парламентте көп орунга ээ боло албай калгандыктан өзүбүздүн идеябызды ишке ашыра албай калып атабыз дешет. Сиз буга кошуласызбы?

– Кошула албайм. Муну актангандык деп айтсам болот. Көпчүлүк эмес мейли жалгыз депутат болсо дагы туура пикирлерди айтып, өзүнүн салымын кошсо болот. Шайлоо алдында партиялар ишке ашпай турган жомокторду элге убадалап коюуунун артынан келип чыккан шылтоо катары бааласак болот. Жүзөгө аша турган убадаларды бериш керек. Эптеп эле бийликке жетүү эмес, бийликке жетип алып, айткандарын аткаруу шарт. Маселен, 7 пайыз насыя беребиз дешти. Бул такыр эле ишке ашпаган маселе. Анткени, өлкөбүздүн инфляциясы эле 7 пайызды чапчып турса. Нан, ун кымбаттап жатса кайсы арына 7 пайыз насыя бере алат? 15 пайыздан ылдый насыя берсе, анда насыя берип жаткан мекеме банкрот болот. Бизде бир дагы завод, фабрика жок. Бизде доллардын курсун кармап турган эле эмгек мигранттар болуп жатат. Учурда Кыргызстан импорт менен жашап жатабыз. Андыктан болгон акчабызды сыртка чыгаруудабыз.

- Жакында эле “Бишкек Парк” ЖЧК КР жараны Айзада Ашимбаеваны мыйзамсыз иштен айдап чыгарды. Мындай трансулуттук компанияларды жөнгө сала турган мыйзам же токтом жок экен. Буга ким күнөөлү?

– Буга биз, Жогорку Кеңеш түздөн-түз күнөөлүбүз. Анткени, инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзөлү, инвесторлорду качырбайлы деп жатып көзөмөлгө ала турга мыйзам чыгара албай калганыбыз. Кайсы гана, кандай гана компания болбосун Кыргызстандын мыйзамы менен иш алып барышы керек.

- Кыргызстан эгемендикке жетишкенден бери түрк ж.б. улуттар келип өз идеологиясын жүргүзүп келишет. Арийне, түрк туугандар лицейлерин  жана жогорку окуу жайларын ачышты. Андан тарбияланып чыккандар сырты кыргыз ичи түрк болуп чыккандары эч кимге деле жашыруун эмес. Аны менен сырты кыргыз ичи түрктөрдү бийликке алып келип, өз максаттарын ишке ашырып, түрктөштүрүү саясатын жүргүзүп жаткандай… Муну менен катар түрк багытындагы ислам дининин багытын жайылтуусу күн санап өсүүдө. Мындан тышкары кытай коңшубуздан дагы келгендердин саны көбөйүп, кытай жээндердин саны өстү. Ушул сыяктуу улуттук  саясатыбызга доо кетирип жаткан тышкы агымдарга каршы тура алган мамлекеттик саясий стратегиябыз качан пайда болот  деп ойлойсуз?

– Бул айтып жаткан кебиңизде кандайдыр бир чындык бар. Биз экономикалык кырдаалды жөнгө салуу максатында чек арабыз ачык болсун деген саясат менен иш алып барганыбыздын далили. Бул маселе боюнча ойлонуп, конкреттүү чараларды көрүшүбүз зарыл. Андан тышкары өлкө ичинде ар кайсы сырткы күчтөр тарабынан бей өкмөт уюмдар дагы жарандарыбыздын көз карашын туура эмес нукка буруп, Кыргызстандын саясатын ичинен иритип жаткандай көрөм. Ошондой эле Кыргызстан транзиттик өлкө катары болуп, коңшу мамлекеттерден ары-бери өткөн жолдордун курулушунан дагы кандайдыр бир шектенүүлөр жаралат. Алар экономикалык максаттабы же идеологиялык, саясий кызыкчылыктарда жолдорду куруп жатабы деп. Балким мындай кадамдар кыргыз элинин генофондуна терс таасирин тийгизбейби деген чочулоолор бар.

- Шайлоо баштаардын астында эле партиялар ар кайсы мамлекеттерге жүгүрүп, акча сурап калышат деген кептер бар. Мындай саясаттан качан, кантип, канткенде арылабыз?

– Мен деле силер сыяктуу угуп калам. Бирок, мен эч качан бир да өлкөгө барып шайлоого бара жатам, жардам бергиле, утуп чыксам мындай кылам деп жүгүрүп көргөн эмесмин, антпейм дагы. Мындайлар оркоюп эле көрүнүп калды. Кайсы мамлекет аны багып жатса, ошонун таламын талашып жүрүшөт.   Буга чейинки шайлоолордо буга окшош көрүнүштөр көп эле болду. Келечектеги шайлоолордо ушундай кадамдарга барышын каалабайт элем. Мындан улам партияларга жардам бергендин Кыргызстанда атайын кызыкчылыктары бар. Ал кызыкчылыктарын аткаруу үчүн болгон жанын үйрөт.  Ошондуктан мындай кадамдарга барбаш үчүн таза шайлоого барышыбыз керек.  Эң коркунучтуу нерсебиз, сырткы күчтөрдүн айдактатмасында болгонубуз.  Кандай гана жол менен болбосун шайлоодо жеңип бийликке келүү болуп жаткандыгы өкүндүрөт. Мисалы, мен көп шайлоого катыштым, 20 млн. доллар менен шайлоону жеңип алаарын көрдүм.

- Акчасы жок, бирок, башы иштегендер бийликке келе алабы?

– Азыркы тапта шайлоону таза өткөрө турган жаңы мыйзам долбоору каралып жатат. Анда: партияга эмес адамга добуш берүү максатын көздөйт. Эгерде ошол мыйзам кабыл алынса, кимге добуш берет, шайлоочу тандап калат эле.  Негизинин кайсы гана саясий партия болбосун жаштарды бийликке алып келүүнү эңсеп калышты. Жаңы ой, жаңы дем дегендей…

- Сиздин айткандарыңызды улуу муун өз ишин аткара албай, эл ишениминен кетти дегендикке жатабы?

– Жок, антүүгө болбойт. Анткени, дүйнөлүк деңгээлдеги жогорку окуу жайларын бүтүрүп, Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча программалары бар жана потенциалы жетиштүү жаштарыбыз жумуш жоктон чет жактарда эмгектенип жүрүшөт. Биз мындай жаштарга мүмкүнчүлүк берип, өлкөбүздү бүгүнкү экономикалык кризистен чыгарып кетишибиз мезгилдин талабы болуп турат. Сиз айтып жаткандай улуу муундун колунан эч нерсе келбей калды деген туура эмес. Аксакалдар жана жаштар биригип, мамлекет үчүн иш алып барышыбыз зарыл. Антпесек, Кыргызстанда жумушка кириш үчүн тааныш керек. Таанышы жок май куюучу жайга кире алсаң болот экен… Аскар Салымбек уюштурган “Акыл тирек” сынагында акылдуу жаштарыбызды көрдүк. Биз ошондуктан жаштар келечегибиз деп потенциалдуу жаштарыбызды колдошубуз керек.

Маектешкен Улукбек Кутманбаев

Айбат гезити №54




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru