Айбат » Кара-Кечедеги “Беш каман”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кара-Кечедеги “Беш каман”

Кара-КечеЖумгал районунда жайгашкан “Кара-Кече” кенинде көмүр чыгып, Кыргызстан үчүн абдан эле кирешеге айлануучу кен катары бааланып, аны менен мактанып да келген аткаминерлерибиз. Мындай ураандар акыркы маалда таш каап, жең ичинен соломойлордун “долларбайларды” көргөндө көзү кызарып, курулай курсактын кулу болгондор жетекчиликке  келип, аткаминерлердин оозун майлоого кеткен сыяктуу.  Болбосо Кара-Кеченин потенциялы менен Кыргызстандан тышкары башка мамлекеттерди көмүр менен камсыздап, экономикалык  эбегейсиз  салым кошуп, мамказынага чоң салым кошчудай түрү бар эле.

Андан да “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Нарынбек Сатыбалдиевдин шалаакалыгын мындан билсең болот.  Жумгал районундагы «Кара кече» кениндеги көмүрлөр Дыйкан айылына чейин ташылат. Ал айылдарда көмүрдүн чаңынан эгилген эгин өспөй, жашоочулар көп ооруларга учурап, өлүм көп болуп жатат деп жашоочулар кайрылууда. Эгерде ушунча эле шалаакы болбосо, көмүрдү казып жатканда чаң ызгытпастан, жергиликтүү тургундардын ден-соолугуна залакасын тийгизбестен казат эле го.

Кара-Кеченин жетекчисинин орун-басары ээлеп турган кызматын кыянаттык менен пайдаланып кезексиз көмүр жүктөп Суусамырга сатып бизнесин ой-да гүлдөтүп жатканын жергиликтүү тургундар айтып зар какшап келет. Кыш болсо желесин тартып, шымалана кирип келди. Орун-басары болсо “без өчүрөд” көмүрдү каалашынча алып, кайда сатса да сатып, бизнес менен алектенип жатканын кантип түшүнсөк болот?..

Буга чейин Кара-Кеченин карьеринде айрым бир жерлеринде таш кулоолор болуп, канча күн дегенде араң кечээ жакында оңдоп түзөп, анын кесепетинен таш көмүр сатып алуучулар менен берүүчүлөрдүн ортосунда жаңжал чыкты. Ушуга алып келбей койсо болот эле да. Кара-Кече дейбизби же Кыргызкөмүр ишканасы дейбизби айтор Кара-Кече кенин тейлеп жаткандардын шалаакалыгы жана өз билемдигинен элди эмес өз чөнтөгүн ойлогондордун кесепетинен Нарын жана башка аймактар көмүрсүз үйүндө шүмүрөйүп отурбаса болду. Кара-кече жетекчилиги “беш камандын” образын кийип турган мезгили. Орун-басары көмүр сатып бизнес кылса, жетекчиси ага кол коюп берип, илгерки беш камандын образын ачып отурган мезгили. Мурдагы жетекчисинин кебетесин кийип калбасы болду.

Күз башталганы болушунча убадалар берилип келгени менен мына натыйжасы бул окурман.

Кыш кычырап кирип келгенине карабастан Кара-Кече көмүр чыга турган кени, бир канча күндөн бери карьери кулап, тазалоо иштерин араңдан зорго бүтүрүштү. Муну Кара-Кеченин жетекчилигинин куноосу катары бааласак болобу деген суроо менен айрымдарга кайрылдык:

 

Айсулуу Алымбек кызы 2Айсулуу Алымбек кызы, “Опора” көз карандысыз профсоюздук уюмунун төрайымы:

– Эгерде жетекчилик жакшы иштесе, баарын алдын ала баалап, андай көрүнүштөрдү эрте болтурбоого аракет кылмак. “Готовь сани летом” дегендей, кыш түшө электе аракетти алдын ала кылышы керек болчу. Менин оюмча, жетекчиликтин күнөөсү бар.

 

Байгуттиев СейтекСейтек Байгуттиев, коомдук ишмер:

-Албетте Кара-Кеченин жетекчилигинин да күнөөсү бар. Алар алдын-ала чара колдонууга зарыл эле.

 

 

Айбат гезити №54



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru